Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24,01 чакырымы такталды

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты.

“Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, Бустондогу жолугушууга 1-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов да катышканы кабарланган. Камчыбек Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча жалпы чечимге жакындады деген пикирин айткан.

Ятимов да тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келгенин белгилеп, Ворух-Кожалы жолу боюнча да маселе дээрлик чечилгенин айткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Комментарий жиберүү