Кубанын президенти 22 жылдан бери биринчи жолу Иранга барды

Кубанын президенти Мигель Диас-Канель 22 жылдан бери биринчи жолу сапары менен Иранга келди. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул Куба лидеринин акыркы 22 жылда Иранга жасаган биринчи сапары болуп саналат. Буга чейин 2001-жылы Ислам республикасына Фидель Кастро келип кеткен.

Диас-Канелди Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Жогорку лидери Али Хаменеи менен жолугушту.

Президенттердин жолугушуусу жана кол коюлган документтер

Диас-Канелди алгач кесиптеши Ибрахим Раиси Тегеран шаарындагы “Саадабад” сарайында кабыл алды.

Hаиси Куба президентинин 22 жылдан кийин Иранга жасаган сапарын эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелериндеги бурулуш учур деп атады. Ал эки мамлекеттин көп окшоштуктары бар экенин айтып, эки тарап тең Ислам революциясынан кийин конструктивдүү байланыштарды сактап калганын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюшту. Тактап айтканда, Иран менен Кубанын президенттери эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык мамилелерди кеңейтүү боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюшту.

Президенттер ошондой эле эки өлкөнүн жогорку кызмат адамдары жети документке жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюу аземине катышты.

Макулдашуулар Тегеран менен Гавананын ортосунда илим жана технология, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, энергетика жана тоо-кен өнөр-жайы, телекоммуникация жана медицина сыяктуу түрдүү тармактарда тыгыз кызматташтыкты карайт.

АКШга каршы глобалдык коалиция түзүү чакырыгы

Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Кубанын президенти менен болгон жолугушуусунда АКШ менен Батыштын зомбулугуна каршы бирдей позицияны карманган өлкөлөр ортосунда союз жана коалиция түзүү зарылдыгын билдирди.

“Иран менен Кубанын саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, АКШ менен Батыш өлкөлөрүнүн зомбулуктарына каршы бирдиктүү позицияны карманган өлкөлөрдүн союзун жана коалициясын түзүү зарыл”, – деди Ирандын рахбары.

Анын айтымында, АКШга каршы турган өлкөлөрдүн коалициясы экономикалык кызматташтыкка басым жасап, Палестина маселеси сыяктуу дүйнөлүк маанилүү маселелерде орток жана таасирдүү позицияны ээлей алат.

Хаменеи Палестина маселеси бир гана Газадагы акыркы болуп жаткан жаңжалга байланыштуу эмес, анткени Палестина эли акыркы 75 жыл ичинде ар дайым ар кандай кыйноолорго, азаптарга жана өлтүрүүлөргө дуушар болуп келгенин айтып, бирок азыр Газадагы трагедиянын масштабынан улам ал жактагы реалдуулук бүткүл дүйнө коомчулугуна ачылып, эми аны мындан ары жашыруу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Ирандын лидери Куба президентинин глобалдык маселелер, өзгөчө Палестина маселеси боюнча позициясы Ислам Республикасынын позициясы менен дал келерин айтып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер, анын ичинде илимий кызматташтык дагы ар түрдүү тармактарда бекемделиши керектигин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү