Газада Израиль менен ХАМАСтын согушунда 63 журналист каза болду

Палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосундагы жаңжал башталгандан бери 63 ЖМК кызматкери каза болду. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) билдирди.

“4-декабрга карата 63 журналист жана медиа кызматкери мерт болгону тастыкталды: 56 палестиналык, төрт израилдик жана үч ливандык”, – деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Ошондой эле дагы 11 журналист жарадар болуп, үчөө дайынсыз жоголгон деп жарыяланып, 19у камакка алынган.

1-декабрдагы убактылуу элдешүүнүн мөөнөтү аяктап, Израиль Газадагы согуштук аракеттирди калыбына келтиргенде Газа тилкесинде төрт журналист набыт болду. Алардын баары палестиналык маалымат каражаттарында иштешкен.

CPJдин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын координатору Шериф Мансур белгилегендей, аймактагы журналисттер «бул жүрөк ооруткан жаңжалды чагылдыруу үчүн чоң курмандыктарга барууда».

“Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет журналисттер кризис учурунда маанилүү иштерди аткарып жаткан жай жарандар экенин жана согушуп жаткан тараптардын бутасына алынбашы керектигин баса белгилейт”, – деди Мансур.

3-декабрда Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин Газа тилкесине жасаган соккусунан каза болгондордун саны 15 500дөн ашып, 41 000ден ашуун жашоочусу жаракат алганын билдирген. Ошондой эле, 280ден ашык медицина кызматкери каза тапканы айтылган.

7-октябрдан бери согушуп келе жактан Израиль менен ХАМАС 22-ноябрда Катардын ортомчулугу менен биринчи масштабдуу келишимге жетишкен: тараптар согуштук аракеттерди төрт күнгө токтотууну жана бири-биринде кармалып турган ондогон барымтадагыларды жана туткундарды алмашууну макулдашкан.

Төрт күндүк элдешүү 24-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө (Москва убактысы боюнча 08.00) башталып, андан кийин эки жолу – адегенде эки күнгө, анан дагы бир күнгө узартылган.

Тараптардын гуманитардык элдешүүсү 1-декабрь күнү эртең менен аяктаган жана анын узартылышы расмий түрдө жарыялана элек. Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) ХАМАС кыймылы согуштук тыныгууларды бузууга айыптап, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерин кайра баштаганын билдирген.

Гуманитардык тыныгуу учурунда ХАМАС 78 израилдик аялдар менен балдарды, ошондой эле башка өлкөлөрдөн барымтадагы 30 адамды бошотту. Өз кезегинде Израиль абактарынан 240 палестиналыкты бошотту, алардын көбү аялдар жана балдар. Алгач барымтадагы 50 израилдикти 150 палестиналык туткунга алмаштыруу пландалган.

Комментарий жиберүү