Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Ирандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Хосейн Амир Абдоллахиан санкцияларга каршы аракеттенүү боюнча документке кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Документ “Бир тараптуу мажбурлоо чараларынын терс кесепеттерине каршы туруу, жумшартуу жана компенсациялоонун жолдору жана каражаттары жөнүндө Россия менен Ирандын Декларациясы” деп аталат.

Кол коюу Москвада болду. Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан Россияга Каспий боюндагы беш өлкөнүн (Россия, Иран, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан) министрлеринин жыйынына, ошондой эле Лавров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн келген.

«Албетте, бул АКШ жана анын союздаштары дипломатиянын ордуна койгон мыйзамсыз санкцияларды жеңүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрүнүн аракеттерин координациялоону арттырууда маанилүү кадам», – деди Лавров ирандык кесиптеши менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө.

Иран 1979-жылдагы Ислам революциясынан бери 40 жылдан ашык убакыттан бери эл аралык санкциялардын астында турат. Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталганга чейин Тегеран чектөөгө кабылган жеке адамдардын жана компаниялардын саны боюнча дүйнөдө лидер болгон. Бирок 2022-жылдын февралынан бери чектөөлөр боюнча дүйнөдө лидер Россия болуп калды.

Буга чейин Ирандын “Tasnim” маалымат агенттиги Ирандын президенти Ибрахим Раиси 7-декабрда расмий бир күндүк сапары менен Москвага келерин кабарлаган. Москва менен Тегеран эки тараптуу, анын ичинде экономикалык кызматташуу боюнча консультацияларды өткөрүп, бир катар аймактык жана эл аралык маселелерди, атап айтканда Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулашары күтүлүүдө.

26-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин Раиси менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Маалым болгондой, сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн лидерлери соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, энергетика жана транспорт тармагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү ниетин ырасташкан.

22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан менен жолугушкан. Алар Москва менен Тегерандын ар кандай деңгээлдеги саясий диалогду жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өркүндөтүү ниетин ырасташкан.

Комментарий жиберүү