Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Москвада Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдүн темаларынын бири Палестина маселелси болорун Ирандын президенти Ибрахим Раиси Россияга боло турган иш сапарынын алдында билдирди. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды.

“Бул сапардагы сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири Палестина маселеси жана Газа тилкесин бомбалоону токтотуу, блокаданы алып салуу жана эзилген Палестина элине жардам көрсөтүү аракеттери», – деп билдирди ISNA агенттиги Раисинин сөзүн.

Мындан тышкары, Путин менен Раиси “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридорун түзүү маселесин талкуулашат.

IRNA агенттиги мурда кабарлагандай, ирандык делегацияны баштаган Раисинин учагы Москвага жөнөп кеткен. Ирандын маалымат каражаттары билдиргендей, Ислам республикасынын башчысын мунай министри Жавад Оуджи коштоп кетти.

Кремлдин басма сөз кызматы бир күн мурда кабарлагандай, президенттер транспорт, энергетика жана соода-экономикадагы биргелешкен долбоорлорду сүйлөшөт.

Россия президентинин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков кошумчалагандай, Путин менен Раиси делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң жумушчу түшкү тамак форматында сүйлөшөт.

Мурунку жолу Владимир Путин Раиси менен былтыр сентябрда Самаркандда өткөн ШКУнун саммитинин алкагында жолуккан. Анда өлкөлөр ортосундагы жаңы чоң келишимдин үстүндө иштөө жана кызматташуунун келечеги тууралуу сөз болгон.

Акыркы жолу Путин менен Раиси октябрь айында телефон аркылуу сүйлөшүп, Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал боюнча пикирлерин бөлүшүп, ошондой эле Закавказьедеги кырдаалды талкуулашкан.

Комментарий жиберүү