Дүйнө жүзүндө Палестинаны колдогон демонстрациялар өтүп жатат

Израилдин Палестинага карай уланып жаткан кол салуулары дүйнө жүзү боюнча чоң реакцияларды жаратууда.

fransa filistin destek.jpg
Дүйнө жүзүндө Палестинаны колдогон демонстрациялар өтүп жатат
isvicre filistin destek.jpg
sili filistin destek.jpg
kanada filistin destek.jpg
abd filistin destek.jpg
fransa filistin destek.jpg
Дүйнө жүзүндө Палестинаны колдогон демонстрациялар өтүп жатат

Израилдин Палестинага карай уланып жаткан кол салуулары дүйнө жүзү боюнча чоң реакцияларды жаратууда.

Англиянын борбор шаары Лондондо миңдеген палестиналык тарапкерлер нааразылык акциясына чыгышты.

Демонстрацияда демонстранттар Израилди Газа тилкесиндеги аскерий операциясын токтотууга чакырып, Палестинанын желектерин желбиретип, «Палестинага эркиндик!» ураандарын чакырышты.

Франциянын борбору Парижде полиция бөлүмүнүн тыюу салганына карабай Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрациясы өттү.

Демонстрация борбор калаанын атактуу Республика аянтында жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында башталды. Полиция демонстранттарды тегеректеп, алардын турган жеринен кетүүгө уруксат берген жок.

Швециянын борбор шаары Стокгольмдо чогулган жүздөгөн адамдар да Палестинага колдоо көрсөтүү акциясын өткөрүштү. Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөтүү үчүн борбордун эң кыймылдуу аянттарынын бири болгон Сегелс Торгдо жүздөгөн киши чогулду.

Палестинага колдоо көрсөтүү акциясы Босния калкы жыш жашаган Сербиянын Санжак аймагынын эң чоң шаары Нови Пазарда да өткөрүлдү.

Шаардын аянтына чогулган топ Газадагы окуяларга каршылыгын көрсөтүшүп, Палестина элине колдоо көрсөткөн баннерлерди жана Палестинанын желектерин көтөрүштү.

Палестинаны колдогон демонстрациялар Швейцариянын Женева жана Берн шаарларында да өттү. Женевадагы Плейс-Нойв аянтында өткөн демонстрацияга 7 миңден ашуун киши катышты. Плейс-Нойвдон Junction аймагына  бара жаткан демонстранттар Палестинанын, Түркиянын жана башка мусулман өлкөлөрүнүн желектерин жана Палестинага колдоо көрсөткөн баннерлерди көтөрүп жүрүштү.

Шотландиянын Глазго шаарында чогулган жүздөгөн адамдар да Палестинага колдоо жана тилектештик көрсөтүү акциясын өткөрүштү.

Италия жана Мальтада Палестинага колдоо жана тилектештик демонстрациясы өттү.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбору Вашингтондо миңдеген адамдар көчөгө чыгып, Палестинага колдоо көрсөтүштү.

Ак үйдүн маңдайындагы Лафайет аянтына чогулган топ ураан чакырып, АКШнын президенти Жо Байдендин Израилди колдогонуна нааразылык билдиришти.

Канаданын Миссиссога шаарында демонстранттар колдоруна көтөргөн баннерлер жана желектер менен Палестинага колдоо билдирүүсүн беришти. Демонстранттар Израилдин Палестинага кол салууларына каршы чыгышты.

Чилиде Палестина коомчулугу Сантьягодогу президенттик сарайдын алдында чогулушту. Палестиналык топ Израилге каршы чыгып, согуштун бүтүшүн каалады.

Ливандын борбор шаары Бейрутта демонстранттар Израилдин бомбалоосунда британиялык Рейтер агенттигинин кабарчысынын өлтүрүлүшүн айыптап, окуяга байланыштуу сотко кайрылууну талап кылышты.

Комментарий жиберүү