Израиль миллиондон ашуун палестиналыкка эвакуацияланууга 24 саат убакыт берди

Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү 1,1 миллион палестиналыкка жана БУУнун кызматкерлерине Газанын түштүк бөлүгүнө эвакуацияланууга 24 саат убакыт берди.

Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

Анын айтымында, кечээ түнү  Газадагы БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгынын жана Коопсуздук департаментинин топторунун жетекчилери Израил армиясындагы байланыш офицерлери  тарабынан Газа тилкесинин түндүгүнөн Газанын түштүк бөлүгүнө эвакуацияланууга бир сутка убакыт берилгенин маалымдар болушкан.

Израилдин бул буйругу БУУнун бардык кызматкерлерине жана уюмдун мекемелеринде жайгашкан адамдарга да тиешелүү.

Дюжаррик мындай масштабдагы эвакуация «кыйратуучу гуманитардык кесепеттерсиз мүмкүн эмес» экенин айтып, Израилди буйрукту жокко чыгарууга чакырды.

Анын айтымында, буйрук болжол менен 1,1 миллион адамга таасир этет.

Кийинчерээк  БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүү жана аны уюштуруу иштери боюнча агенттиги (UNRWA) ыкчам жана эл аралык персонал борборун Газа секторунун түштүгүнө көчүргөнү белгилүү болду.

Палестиналык ХАМАС кыймылынын басма сөз кызматынын жетекчиси Салама Маруф Израилдин эвакуация тууралуу эскертүүсү “жарандардын арасында баш аламандык жаратууга жана ички биримдикке зыян келтирүүгө багытталган жалган пропаганданы таратуу” аракети экенин айтты.

Буга чейин БУУ палестина-израилдик жаңжал күчөгөндөн бери Газа тилкесин 338 миңден ашуун тургун таштап кеткенин билдирген. Уюмдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Газада 2,5 миңден ашуун үй кыйрап же адамдар жашаганга жараксыз абалда, дагы 23 миң үй орточо зыянга учураган.

Эске салсак, ушул аптада Араб мамлекеттеринин лигасы Каирдеги баш кеңсесинде өткөн кеңештин жыйынынын алкагында Израилди Газа тилкесине кол салууларды токтотууга чакырган. Ошондой эле Араб Лигасы Тель-Авивден Газаны блокадага алууну тез арада токтотуп, ал жакка гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүндүк берүүнү, ошондой эле БУУнун уюмдары аркылуу күйүүчү майды жеткирүүгө уруксат берүүнү талап кылган.

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал

7-октябрда эртең менен Израиль Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга кабылды. Массалык аткылоодон кийин ХАМАС Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип келишкен.

ХАМАСтын аскердик канаты Израилге каршы «Аль-Акса Топон суусу» операциясын жарыялады. Буга жооп катары Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштаганын жарыялады.

Операциядан бир нече күн өткөндөн кийин Израиль армиясы Газа чек арасына жакын жайгашкан бардык конуштарды өз көзөмөлүнө алып, тилкедеги буталарга, анын ичинде жарандык объекттерге каршы абадан сокку ура баштады. Мындан тышкары Израиль Газаны толук блокадага алганын жарыялады: суу, азык-түлүк, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Эки тараптан тең каза болгон карапайым калктын саны миңден ашты, бир нече миң израилдик жана палестиналык жараат алды.

Укук коргоочулар Израилди Газа жана Ливандагы операцияларда тыюу салынган ак фосфорду колдонуп жатканын айтып чыгышты.

Комментарий жиберүү