Афганистанда мечитке карата кол салуу болду

Баглан провинциясынын Пол-е-Хомри шаарындагы мечитте жума намазы учурунда бомбалуу кол салуу болду.

Афганистандын Пол – е – Хомри шаарындагы мечитте жума намазы учурунда жасалган кол салууда каза болгондор жана жарадар болгондордун бар экендиги белгиленди.  

Баглан провинциясынын Пол-е-Хомри шаарындагы мечитте жума намазы учурунда бомбалуу кол салуу болду.

Баглан маалымат жана маданият департаментинин директору Мустафа Хашими: «Имам Заман мечитинде жардыруу болуп, каза болгондор жана жарадарлар бар»,- деди.

Хашеми каза болгондордун жана жарадар болгондордун так санын айткан жок.

Азырынча кол салуунун жоопкерчилигин эч ким моюнга ала элек. 

Комментарий жиберүү