Иранда Палестина элин колдогон ири демонстрациялар өтүүдө. Сүрөт

Иран бийликтери Палестина элине колдоо көрсөтүү үчүн өлкө боюнча экинчи ири демонстрацияларды уюштурду. Акциялар өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.

Ирандыктар жөө жүрүшкө өлкөнүн жана Палестинанын желегин көтөрүп чыгышып, Израиль режиминин кылмыштарын айыптап, Палестинанын бул басып алуучу режимге каршы операцияларына колдоо көрсөтүштү. Алар Израилге жана Америкага каршы ураандарды чакырышты.

Израил армиясы «Темир кылыч» операциясынын алкагында Газа тилкесин 8-октябрдан бери аткылоодо. Буга байлануштуу дүйнөнүн булуң-бурчунда Палестинаны колдогон акциялар өтүп жатат.

БУУнун Балдар фондунун өкүлү Жеймс Элдер Женевадагы брифингде Израилдин бомбалоосунун натыйжасында Газада жүздөгөн балдар каза таап, жарадар болуп, бул сан саат сайын өсүп жатканын билдирип, мындай аракеттер токтотулушу керектигин айткан. Анын айтымында, Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 7-октябрдан бери Газада 447 бала набыт болду.

Комментарий жиберүү