Израиль палестиналыктардын Эски шаар жана Месжид – и Аксага киришине тоскоол болду

Израиль полициясы жума намазын Месжид  –  и Аксада  окуу  үчүн оккупациядагы Чыгыш Кудстун Эски Шаар аймагына кирген палестиналыктарга газ бомбасы жана пластикалык октор менен тоскоол болду.

Кудс Исламдык фонддор башкаруусунун билдирүүсүнө караганда Израиль полициясы жума намазын Аксада окуу үчүн Чыгыш Кудстун Эски Шаар  аймагына барууну каалаган өзгөчө  50 жашка чейинки эркектерге кыйынчылык жаратып уруксат берген жок. 

Эски Шаардын Дамаск каалгасынан киргендердин күбөлүктөрү текшерилип, узун кезекке турушту. 

Бир тараптан Эски Шаардагы Израиль коопсуздук күчтөрүнүн санынын көбөйтүлгөндүгү байкалды. 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары ишемби күнү Израилге “Акса топону” аттуу кол салу баштагандыгын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор да аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да  аскердик учактары менен Газа тилкесине “Темир Кылычтар” операциясын баштаган. 

Комментарий жиберүү