ЖМК: Иран АКШ менен түзүлгөн меморандумдан “болуп көрбөгөндөй пайда” алат

АКШ менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу Иранга «болуп көрбөгөндөй пайда» алып келет. Мындай билдирүүнү Израилдин N12 телеканалы жасады.

Телеканалдын маалыматына ылайык, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум Иран ала турган олуттуу экономикалык жеңилдиктерге байланышкан беш негизги пунктту камтыйт. Айрым артыкчылыктар дароо күчүнө кирсе, кээ бирлери сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, дагы башкалары акыркы келишимге кол коюлган учурда берилет.

Атап айтканда, телеканалдын маалыматы боюнча, Ирандын мунай өнөр жайына карата киргизилген деңиз блокадасы жана санкциялар дароо алынат. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө коюлган максаттар аткарылган шартта, Ирандын чет өлкөлөрдө тоңдурулган активдери бошотулат. Мындан тышкары, акыркы келишимге кол коюлса, Иранга карата бардык санкциялар жоюлуп, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн атайын фонд түзүлөт.

N12 телеканалы ошондой эле меморандумдун негизги 12 пунктун да жарыялады. Алардын төртөө Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу.

Алар төмөнкүлөрдү камтыйт: Иран өзөктүк куралды иштеп чыкпоого жана ага ээ болбоого берилгендигин ырастайт; АКШ менен Иран Ирандын байытылган уран запастарын утилдештирүү маселесин чечүүгө милдеттенишет; АКШ менен Иран уранды байытуу жана Ирандын өзөктүк муктаждыктары боюнча маселелерди талкуулашат, бирок Иран сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда өзөктүк программасы боюнча статус-квосун сактап калат.

Мындан тышкары, меморандумга ылайык, АКШ деңиз блокадасын алып салат, жаңы санкцияларды киргизбейт жана сүйлөшүүлөр учурунда аймактагы аскер күчтөрүнүн санын көбөйтпөйт; Иран 60 күндүн ичинде Ормуз кысыгы аркылуу коммерциялык кемелердин коопсуз жана акысыз өтүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт; Иран, АКШ жана алардын союздаштары бардык аскердик аракеттерди, анын ичинде Ливандагы операцияларды токтотушат.

Меморандумда Ирандын каражаттарын бошотуу боюнча АКШ Ирандын тоңдурулган активдерин меморандумдун шарттары аткарылгандан кийин пайдаланууга берүү милдеттенмесин ала турганы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, документте эгер акыркы келишимге жетишилсе, АКШ 30 күндүн ичинде өз аскерлерин чыгарып кетет жана Иранга карата бардык санкцияларды алып салат; Ар кандай акыркы келишим Иранды калыбына келтирүү үчүн көлөмү 300 миллиард доллар болгон фонд түзүү боюнча планды камтыйт;

Ошондой эле сүйлөшүүлөр мезгилинде АКШ Иранга мунай сатуу үчүн санкциялык режим боюнча убактылуу жеңилдиктерди берет; Иран менен Оман деңиз каттамдары жана кеме жүрүүсүнө байланышкан макулдашууларды аныктоо боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

АКШнын, Ирандын жана ортомчу катары катышып жаткан Пакистандын расмий өкүлдөрү Вашингтон менен Тегерандын ортосунда Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга багытталган макулдашууга жетишилгенин ырасташты.

Маалыматтарга ылайык, документке кол коюу 19-июнда Женева шаарында өтөт.