Иран менен АКШ согушту токтотуу келишимине кол коюшту. Меморандум 14 пункттан турат

Иран менен АКШ согушту 60 күнгө токтотуу боюнча алдын ала өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Документке аралыктан, электрондук түрдө кол коюлуп, күчүнө кирди. Эки тарап тең келишимге кол коюлганын ырасташты.

Иран менен АКШнын өкүлдөрү жаңжалды токтотуу боюнча меморандумдун акыркы версиясына кол коюшканын Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи 18-июнга караган түнү билдирли.

«Меморандумдун тексти толугу менен макулдашылды, ага эки тарап тең кол койду», — деп анын сөзүн ирандык маалымат каражаттары келтиришти.

Документке Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өз колун койгонун иран ЖМКлары маалымдашты.

Кол коюу аземи бетме-бет өткөрүлгөн жок. Тараптар бири-бирине кол коюлган документтин нускаларын жөнөтүштү.

АКШ президенти Дональд Трамп дагы АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлганын ырастады.

14-июнда документке АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жана Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф кол коюшкан.

Өз кезегинде Axios басылмасынын журналисти Барак Равид Трамп меморандумдун көчүрмөсүнө Францияда өлкө президенти Эммануэль Макрон менен болгон Версаль сарайындагы расмий кечки тамак учурунда жеке өзү кол койгонун тактады.

«Ага кол коюлду. Мен ага жаңы эле кол койдум», — деген АКШ президенти.

ЖМКлар АКШнын президенти Дональд Трамп Исламабад меморандумуна кол коюп жаткан учурдун видеосун жарыялашты.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=323&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1732974111193976%2F&show_text=false&width=660&t=0

Бул документ алдын ала мүнөзгө ээ жана кийинки сүйлөшүүлөр үчүн негиз болуп кызмат кылат.

Эске салсак, 15-июнга караган түнү Пакистандын ортомчулугу менен АКШ менен Иран 14 пункттан турган тынчтык келишимине жетишкенин жарыялашкан.

АКШ менен Ирандын 14 пункттан турган меморандуму

АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумдун акыркы толук тексти жарыяланды. Ал 14 пункттан турат. Тынчтык жөнүндө документке «Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Исламабад өз ара түшүнүшүү меморандуму» деген аталыш берилген.

1-пункт.
АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимдин биринчи пункту эки мамлекеттин жана алардын союздаштарынын ортосундагы бардык аскердик аракеттерди дароо токтотууну камтыйт. Анда өзүнчө Ливан тууралуу да айтылат. Тараптар мындан ары бири-бирине каршы эч кандай согушту же аскердик операцияларды баштабоого, күч колдонуу же күч колдонуу менен коркутуудан баш тартууга, ошондой эле Ливандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн камсыз кылууга милдеттенишет.

2-пункт.
АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишиминин экинчи пунктуна ылайык, тараптар бири-биринин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого, ошондой эле эки мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүдөн баш тартууга милдеттенишет.

3-пункт.
АКШ менен Ирандын меморандумунун үчүнчү пункту тараптардын эки айдын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыркы келишимге жетишүүсүн карайт. Зарыл болгон учурда мөөнөт өз ара макулдашуу менен узартылышы мүмкүн.

4-пункт.
АКШ менен Ирандын келишиминин төртүнчү пунктуна ылайык, Вашингтон бир айдын ичинде Ормуз кысыгындагы аскер-деңиз блокадасын алып салууга жана кеме каттамын согушка чейинки деңгээлге чейин калыбына келтирүүгө милдеттенет. Ошондой эле АКШ ошол эле мөөнөт ичинде өз аскерлерин Ирандын аймагына жакын жерлерден чыгарып кетүүгө тийиш.

5-пункт.
АКШ менен Ирандын тынчтык келишиминин бешинчи пункту Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз коммерциялык деңиз каттамын дароо камсыз кылуу милдеттенмесин камтыйт. Мындан тышкары, Иран бир айдын ичинде бул аймакты миналардан тазалоо иштерин баштайт. Ошондой эле республика Оман менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ормуз кысыгынын келечектеги башкаруу тартибин жана деңиз кызматтарын аныктайт.

6-пункт.
АКШ менен Ирандын меморандумунун алтынчы пункту Вашингтондун эки айдын ичинде Иранды калыбына келтирүү жана экономикалык өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгып, аны макулдашуу милдеттенмесин камтыйт. Бул долбоорго салынуучу инвестициялардын көлөмү кеминде 300 миллиард АКШ долларын түзүүгө тийиш.

7-пункт.
АКШ менен Ирандын келишиминин жетинчи пунктуна ылайык, Иранга каршы киргизилген бардык санкциялар, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынын негизиндеги чектөөлөр, МАГАТЭнин Башкаруучулар кеңешинин резолюциялары жана АКШ тарабынан бир тараптуу киргизилген санкциялар жоюлушу керек. Бирок аларды алып салуунун графиги кийинчерээк өзүнчө макулдашылат.

8-пункт.
АКШ менен Ирандын тынчтык келишиминин сегизинчи пункту Тегерандын өзөктүк курал алуу же иштеп чыгуу боюнча бардык пландарынан баш тартуу милдеттенмесин камтыйт. Ал эми уранды тынчтык максаттарында байытуу маселеси кийинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынат.

9-пункт.
АКШ менен Ирандын меморандумунун тогузунчу пунктуна ылайык, ядролук программа боюнча статус-кво сакталышы каралган. Тегеран өзүнүн ядролук программасынын азыркы статус-квосун сактап калат жана АКШ аймакка эч кандай жаңы санкцияларды киргизбейт же кошумча күчтөрдү жайгаштырбайт.

10-пункт.
АКШ менен Ирандын келишиминин онунчу пунктуна ылайык, Вашингтон Ирандын чийки мунайын, мунай продуктыларын жана алардан алынган товарларды экспорттоого уруксат берет. Ошондой эле бул банктык операцияларды, камсыздандырууну, ташууларды жана башка тиешелүү кызматтарды камтыйт.

11-пункт.
АКШ менен Ирандын тынчтык келишиминин он биринчи пункту Вашингтондун эки өлкөнүн ортосундагы келишим ишке ашырыла баштагандан кийин Ирандын тоңдурулган активдерин бошотуу милдеттенмесин камтыйт.

12-пункт.
АКШ менен Ирандын меморандумунун он экинчи пункту документтин аткарылышын жана келечектеги акыркы келишимдин сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын аткаруучу механизм түзүүнү карайт.

13-пункт.
АКШ менен Ирандын келишиминин он үчүнчү пунктуна ылайык, 1-, 4-, 5-, 10- жана 11-пункттар аткарыла баштагандан кийин жана алардын аткарылышы улантылган шартта, Вашингтон менен Тегеран акыркы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү калган пункттар боюнча гана жүргүзүшөт.

14-пункт.
АКШ менен Ирандын тынчтык келишиминин эң кыска болгон он төртүнчү пунктунда акыркы келишим Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин милдеттүү резолюциясы аркылуу бекитилери айтылат.