Замир кары Ракиев: «Бачабаздык улут тамырына доо кетирет». Видео

 Лут пайгамбардын тушунда да бачабаздык (аял менен аял, эркек менен эркек баш кошуп жашоосу) күч алып кеткенде Аллаа Таала асмандан таш жаадырып, аларды жазалаган экен.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев коомчулукка азыркы учурда кызуу талкууланып жаткан бачабаздык (гейлер – аял менен аял, эркек менен эркектин баш кошуп жашоосу) тууралуу кайрылуу жасап, бул көрүнүш улутубуздун тамырына балта чаба турган жагдай деп атады.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул маселе өткөн жумада Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан көтөрүлүп, анда эл аралык донорлор жыныстык туура эмес катнаштан коргонуучу каражат берүү шылтоосу менен коомубуздагы ушул катмарга колдоо көрсөтүп жаткандыгы айтылган. Ошондой эле Парламент жыйынында өлкөбүздө 16900 расмий катталган бачабаздар бар экендиги да айтылган.

https://www.facebook.com/plugins/post.php?href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fpermalink.php%3Fstory_fbid%3Dpfbid02nHsPHTpcFjUfKrGu8paHhaHFu3fuAHP8eyJQvG6wbV64dwQV51H2nEFiatC4CV24l%26id%3D100009483400586&show_text=true&width=500

Комментарий жиберүү