Пакистанда экс-премьер Имран Хан кармалгандан кийин башаламандык башталды

 Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хан кармалгандан кийин өлкөдө массалык башаламандыктар башталды. Бул тууралуу informburo.kz Al Jazeera телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Имран Хан коррупция боюнча камакка алынгандан бир нече сааттан кийин Пакистандын бир нече шаарларында башталган нааразылык акцияларын басуу үчүн полиция суу аткыч жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Кветта шаарында кеминде бир адам набыт болгону маалымдалды. https://t.me/ntvnews/113263?embed=1

Демонстранттар “Пакистан радиосунун” кеңсесин жана Мианвалидеги өлкөнүн аба күчтөрүнүн базасын өрттөп жиберишти. Ошондой эле ведомстволор аралык чалгындоо имаратына да чабуул жасалган. Демонстранттар полиция кызматкерлерине да кол салууда.

Маалыматта белгиленгендей, Хандын камакка алынганы тууралуу кабардан кийин премьер-министрдин миңдеген тарапкерлери 9-майда баш калаа Исламабад, Карачи, Лахор, Пешавар жана башка шаарларда көчөгө чыгып, нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Исламабаддын көчөлөрүндө жүздөгөн демонстранттар борборго баруучу жана андан кайткан негизги магистралдардын бирин жаап салышты.

Исламабад полициясы 5 полиция кызматкери жарадар болгонун жана 43 демонстрант камакка алынганын билдирди. Өлкөнүн экинчи чоң шаары Лахордо демонстранттар мурдагы премьер-министрдин резиденциясынын алдына чогулуп, күйүп жаткан дөңгөлөктөр менен чектеш жолдорду тосушкан. Демонстранттарды таратуу үчүн полиция суу аткычтарды колдонду.

Имран Хан белгилүү саясатчы жана оппозициялык “Адилеттик үчүн кыймылы” партиясынын лидери. Буга чейин ага бир нече кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда, ал чет элдик лидерлерден белек алып, андан жалпысынан 630 миң долларга жакын киреше тапкан деп айыпталууда. Март айында полиция менен Хандын тарапкерлеринин кагылышуусунан кийин Исламабад полициясы экс-премьер-министрге каршы терроризм боюнча иш козгогон.

Пакистан парламенти 2022-жылдын апрель айында өлкөнүн премьер-министри Имран Ханга ишеним көрсөтпөө менен аны кызматтан алган. Хан оппозициянын аракеттеринин артында АКШ турат деп эсептеген.

Комментарий жиберүү