8-июнда Бишкектеги мейманканалардын биринде «Хомейнинин каршылык көрсөтүү жана адилеттүү дүйнөлүк тартип жөнүндөгү идеяларынын мураскорлугу: эмне үчүн АКШ менен Израиль Иранга каршы согушта жеңилди?» деген темада эл аралык тегерек стол өттү. Иш-чарага кыргызстандык, россиялык жана ирандык эксперттер, саясат таануучулар, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышып, Иран Ислам Республикасынын айланасындагы акыркы кризистин кесепеттерин жана анын калыптанып жаткан эл аралык мамилелер системасына тийгизген таасирин талкуулашты.
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Голам Хосейн Ядегари тегерек столдо алгач сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:
– Бисмиллахир рахманир рахим.
Боорукер жана Мээримдүү Аллахтын аты менен.
Алгач ушул тегерек столдун уюштуруучуларына, эксперттерге жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Эксперттердин жана Иранды жакшы билген адистердин пикирлери менен баалоолору биз үчүн өтө маанилүү. Белгилүү болгондой, азыр өлкөбүз өзгөчө шарттарда жашап жатат. Ушундай оор мезгилде биз достук жана бир тууган элдердин колдоосуна муктажбыз. Өзгөчө Кыргыз Республикасынын колдоосун жогору баалайбыз жана бул иран элинин эсинде түбөлүккө сакталат.
Уруксатыңыздар менен бүгүнкү темага байланыштуу бир нече ойлорду айтып өтөйүн.
Акыркы 62 жыл ичинде Ирандагы ислам революциясынын жолун үч лидер жетектеп келди. Белгилүү болгондой, биринчи лидер Имам Хомейни болгон. Расмий түрдө анын жетекчилиги 1979-жылы Ислам революциясынан кийин башталган. Бирок чындыгында анын лидерлиги 1962-жылы башталып, 1989-жылы аяктаган, башкача айтканда, 26 жылга созулган.
Андан кийин Иран Ислам Республикасынын жетекчилигине Эксперттер кеңешинин чечими менен Али Хаменеи келген. Белгилүү болгондой, 2026-жылдын март айынан тартып Эксперттер кеңешинин чечими менен бул кызматты Можтаба Хаменеи аркалап келет.
Менин оюмча, бул үч улуу инсандын 62 жылдык жетекчилиги өтө татаал болуп, ийгиликтерге жана кыйынчылыктарга бай болду. Алардын ичинен эң оор мезгил Имам Хомейнинин 26 жылдык жетекчилиги болгон. Ал революцияны өлкө шахтын бийлиги астында турган кезде баштаган. Ошол учурда мамлекет толугу менен шахтын саясий көзөмөлүндө болгон. Ошондой эле 1979-жылдагы революцияга чейин шахтын бийлиги АКШнын таасири жана көзөмөлү алдында турган.
Белгилүү болгондой, 1953-жылдагы төңкөрүштүн натыйжасында Мохаммад Реза Пехлеви бийликке келип, премьер-министр Мохаммад Мосаддык кызматтан четтетилген. 1953–1963-жылдары шахтын өкмөтү АКШнын аскердик, чалгындоо жана каржылык колдоосу менен, ошондой эле МОССАД тарабынан берилген даярдыктын жардамы менен өлкөдө күчтүү репрессиялык саясат жүргүзгөн. Ошол эле учурда өлкөдө «Ак революция» деп аталган реформалар башталган.
Мына ушундай оор шарттарда Имам Хомейни өз ишмердүүлүгүн баштап, Иранды америкалык үстөмдүктөн бошотууну максат кылган. Анын максаты өлкөнү тышкы көз карандылыктан арылтып, өз алдынча жана көз карандысыз мамлекетке айландыруу болгон.
Иран өзүнүн миңдеген жылдык тарыхында мындай үстөмдүктү кабыл албай, ага каршы күрөшүп келген. Имам Хомейни көп жылдар бою АКШга көз карандылыктын кесепеттерин жана исламдык баалуулуктардын жоголушунун коркунучтарын түшүндүрүп келген. Акырында дал ушул адамдар анын жетекчилиги астында революцияны колдоп чыгышкан. Ошондой эле ал Ислам революциясынан кийинки Иран-Ирак согушу учурунда өлкөнү коргоого салым кошкон.
Андан кийинки Али Хаменейинин жетекчилик доору дагы абдан маанилүү жана татаал мезгил болду. Анын акылман жетекчилиги алдында Имам Хомейни жана эл тарабынан түптөлгөн идеялар күчтүү идеологияга айланып, бүгүнкү күндө Батыш менен АКШнын басымына каршы турууга мүмкүнчүлүк берип келет. Анын жетекчилиги менен Иран көз карандысыз болууну каалаган мамлекеттер үчүн үлгү боло алды.
Акыркы 47 жыл ичинде Иран Ислам Республикасы АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн катуу санкцияларынын алдында жашап келди. Мындан тышкары өлкө АКШ жана анын союздаштары тарабынан ар кандай кысымдарга дуушар болду. Бирок Америка менен Израилдин басымына карабастан, Иран аскердик жана саясий тармактарда олуттуу ийгиликтерге жетише алды.
Имам Хомейни Иранды кандай баалаган болсо, өлкө мындан ары дагы Ирандын жана исламдын өнүгүшү үчүн күрөшүн уланта берет.
Аятолла Можтаба Хаменеи бийликке келгенден кийин Иран кайрадан татаал шарттарга туш болду. Өлкө кырк күндөн ашуун убакыттан бери катуу жана мыйзамсыз аскердик чабуулдардын шартында жашап жатат. Бул мезгилде мамлекет өзүнүн аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоп келүүдө. Ошол эле учурда анын акылман жетекчилигинин аркасында Иран бекем туруштук көрсөтүүдө.