Иран Израилге каршы кандай ракеталарды колдонду?

Иран 7-июнь күнү кечинде Израилдин түндүгүнө жасаган чабуулдарында жаңы муундагы “Хейбаршекан” баллистикалык ракеталарын, ал эми бүгүнкү чабуулдарда “Эмад”, “Гадр-F” жана “Хейбар-Шекан” ракеталарын колдонгон.

Бул тууралуу Fars News агенттигине маалымдар аскердик булак билдирди.

Маалыматка ылайык, “Хейбаршекан” баллистикалык ракетасынын учуу ылдамдыгы болжол менен 9 Махка жетет, аны THAAD жана Хец сыяктуу кымбат баалуу абадан коргонуу системалары менен жок кылуу абдан кыйын. Ал 1450 чакырымга чейинки аралыктагы бутаны атып түшүрө алат.

“Гадр” жана “Эмад” ракеталарынын учуу аралыгы 1600 чакырымдан ашат жана 450-500 кг салмактагы согуштук дүрмөт ташый алат, ал эми “Хейбар” ракетасы 320 кг салмактагы дүрмөт алып жүрө алат.

Иран 7-июнь күнү кечинде Израилдин аймагына ракеталык чабуул жасаган. Соккулар 10-апрелдеги ок атышууну токтотуу келишимин бир нече жолу бузууга, ошондой эле Израилдин Ливанга жана Иранга каршы агрессиясына жооп катары жасалган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу тараткан билдирүүдө, бул сокку Израилдин Ливандын түштүгүндө жасаган агрессиясына  жооп катары жасалганы айтылган.

Билдирүүгө ылайык, Ливандын Тир, Набатия, Бейруттун түштүк чет жакалары жана башка райондордогу тургундардын өлүмүнө жана жер которуусуна алып келген чабуулдарга жооп катары Израилдин «Рамат-Давид» аскердик аба базасы Ирандын Аба-космостук күчтөрүнүн баллистикалык ракеталары менен бутага алынган. Иран бул базаны Ливанга каршы операциялардын негизги борбору катары мүнөздөгөн.