“Иран – АКШ-Израиль согушу Жакынкы Чыгышты гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүн экономикалык кризске туш  кылды”

Ирандын жана АКШ-Израилдин ортосундагы курч тирешүү чынында эле Жакынкы Чыгыштын чегинен чыгып, дүйнөлүк масштабдагы геосаясий жана экономикалык кризиске айланды. 2026-жылдын башындагы АКШ-Израилдин Иранга соккусу, Ормуз кысыгынын эки тараптуу блокадасы дүйнөлүк рынокко, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасири боюнча коопсуздук маселелери боюнча эксперт, генерал-лейтенант Мамытов Токон Болотбековичти кепке тарттык.

– Токон Болотбекович, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан кийин, өлкө Ормуз кысыгын бөгөттөөгө алган. Ал эми 13-апрелден тартып Дональд Трамп эл аралык сууларда кысык аркылуу өтүү үчүн Тегеранга төлөм төлөгөн кемелерди аныктоо жана кармоо тапшырмасын берди. Тараптардын бул кысыкты эки башка бөгөттөө саясаты канчалык деңгээлде мыйзамдуу?

– Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү Ормуз кысыгын дүйнөлүк саясаттын борборуна айлантты. Ирандын кысыкты бөгөттөө аракети жана АКШнын деңиз көзөмөлүн күчөтүүсү эл аралык укук жана коопсуздук маселелерин кайрадан курчутту. Ормуз кысыгы БУУнун деңиз укугу боюнча конвенциясы менен жөнгө салынган эл аралык жол болуп эсептелет. Теория жүзүндө аны жабууга эч бир мамлекет укуктуу эмес. Бирок бүгүнкү кырдаалда:

1. Иран өз аракетин коопсуздук менен түшүндүрүүдө.

2. АКШ деңиздеги көзөмөлдү күчөтүүдө.

Адистердин баамында, эки тарап тең эл аралык укуктун “боз зонасында” аракет кылууда.
Ирандын да, АКШнын да аракеттери эл аралык деңиз укугунун татаал чөйрөсүндө жүрүп жатат.

Ирандын позициясы:

Тегеран расмий түрдө эл аралык сууларда кемелердин “тоскоолдуксуз өтүү” укугун тааныйт, бирок ал “достук эмес” деп эсептеген кемелерге (мисалы, АКШ жана Израилге байланыштуу) тыюу салууну көздөйт. Алар ошондой эле кемелерден “жол кире акысын” талап кылып, көзөмөлдү күчөтүүгө аракет кылышат.

АКШнын позициясы:

Вашингтон өзүнүн блокадасын Ирандын “мыйзамсыз жол кире акысына” жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасыз аякташына жооп катары көрсөтүүдө. Алар “бейтарап” өлкөлөрдүн кемелерине тоскоолдук кылынбай турганын тактап, блокаданын максаты Ирандын экономикасын начарлатуу экенин билдиришкен.

Эл аралык укук боюнча абал:

Эркин өтүү укугу – Ормуз кысыгы эл аралык кеме каттамы үчүн колдонулган кысык катары, жээктеги мамлекеттер (Иран жана Оман) өздөрүнүн аймактык сууларын кеңейткени менен, “транзиттик өтүү” укугун чектей албайт. Бул укук соода кемелерине да, согуш кемелерине да жана аны “токтотууга” же “бөгөттөөгө” болбойт.

Согуш учурундагы өзгөчөлүк – АКШ менен Иран расмий түрдө согуш абалында. Бул учурда Ирандын душман өлкөлөрдүн (АКШ, Израиль) аскердик кемелерине чабуул коюуга укугу бар. Бирок, бейтарап өлкөлөрдүн соода кемелерине кол салуу же алардын өтүшүн толугу менен бөгөттөө мыйзамсыз болуп саналат.

АКШнын жарыялаган блокадасы де-юре “согуш аракети” болуп эсептелет. БУУнун Башкы катчысы да, Эл аралык деңиз уюмунун башчысы да бул кадамдарды айыптап, эч бир өлкөнүн эл аралык кысыктарда эркин өтүүнү бөгөттөөгө укугу жок экенин билдиришти.

“Жол кире акысы” боюнча – Эл аралык укукта кемелерден жөн эле өткөнү үчүн акы алуунун эч кандай мыйзамдуу механизми жок.

Эки тараптын аракеттери да эл аралык укуктун чегинен чыгып, мыйзамсыз болуп саналат. Ирандын кемелерди толук бөгөттөө жана “жол кире акысын” талап кылуусу мыйзамсыз. АКШнын блокадасы да “согуш аракети” катары эл аралык деңиз укугунун негизги принциптерин бузат.

– Кысык аркылуу дүйнөлүк мунай жана газдын 20%га жакыны өтөрү айтылды. Эки өлкөнүн мамилелеринин курчушунан улам дүйнөлүк рынокто, анын ичинде Иран менен АКШда мунайдын жана бензиндин баасынын өсүшү кескин жогорулаган. Бул кымбаттоо өлкөлөрдүн ички социалдык абалына кандай таасир этиши мүмкүн?

– Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын 20%ы ташылат. Кысыктагы кырдаал мунай баасынын тез өсүшүнө түрткү берип, мунай баасынын кескин өсүшүнө алып келди. Мындай көрүнүш тарыхта, мисалы, 1973-жылдагы мунай кризиси учурунда да байкалган.

Бул аталган өлкөлөрдө гана эмес, дүйнөлүк рынокто да төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет:

1. Инфляциянын күчөшү: Кымбаттаган мунай жана бензин дароо эле транспорттук чыгымдарды, андан соң дээрлик бардык керектөө товарларынын баасын көтөрөт. Бул “импорттук инфляцияга” алып келет.

2. Азык-түлүк баасынын өсүшү: Азык-түлүк өндүрүү жана ташуу үчүн күйүүчү май зарыл. Баанын өсүшү азык-түлүк баасынын да өсүшүнө түрткү берет.

3. Социалдык чыңалуу: Кымбатчылык, айрыкча кирешеси аз жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, калктын турмуш-тиричилигине оор сокку урат. Бул ички туруксуздукка жана саясий кризистерге алып келиши мүмкүн. Импортко көз каранды өлкөлөрдүн төлөм балансы начарлап, социалдык чыгымдарды кыскартууга аргасыз болот.

– Дүйнөлүк рыноктогу жер семирткичтердин 30%га жакыны кысык аркылуу ташылат экен. Жакынкы Чыгыштагы бул туруксуздуктун кесепеттеринен Борбор Азия өлкөлөрү дагы жабыркашы мүмкүнбү?

– Ооба, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк жер семирткичтердин 30%ы ташылат. Бул Борбор Азия үчүн өтө сезимтал маселе. Себептерине токтолоо кетейин.

Биринчиден, Борбор Азия өлкөлөрүндө экономика жана калктын жашоосу айыл чарбасына көз каранды. Айрыкча, өзүнүн ири химиялык өндүрүшү жок Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр үчүн импорттолуучу жер семирткичтердин баасынын өсүшү же жеткиликсиздиги түздөн-түз азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирет.

Экинчиден, жер семирткичтердин жетишсиздиги түшүмдүүлүктүн кескин төмөндөшүнө алып келет. Бул аймакта азык-түлүк кымбаттап, таңкыстык жана социалдык чыңалуу күчөшү мүмкүн.

Мындан тышкары, импорттолуучу товарлардын баасынын өсүшү соода балансын начарлатып, улуттук валюталардын курсуна басымды күчөтөт. Бул туруксуздук Борбор Азиянын түштүк чек араларына жакын жерде болуп жаткандыктан, аймактын өзүнүн туруктуулугуна да түздөн-түз коркунуч жаратат. Ошентип Иран – АКШ ортосундагы конфликт бир гана Жакынкы Чыгыштын эмес, бүт дүйнөнүн, анын ичинде Борбор Азиянын да маселеси болуп калды.

– Буга чейин АКШ Иран тарабынан сунушталган 10 пункттан турган сунушту кабыл алган. Бирок сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаган. Тараптар жакынкы күндөрү дагы сүйлөшүүлөргө барышы ыктымал. Божомолуңузда жолугушуунун жыйынтыгы кандай аякташы мүмкүн?

– Ооба, жакын арада Иран менен АКШ өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдүн кайра башталышы күтүлүп жатат. Бирок мурунку 21 сааттык сүйлөшүүлөр эч кандай жыйынтыкка алып келбегендиктен, абал өтө татаал. Эки тараптын тең пикири катуу.

АКШ үчүн эң башкы маселе – Ирандын ядролук куралга ээ болушун узак мөөнөткө алдын алууга кепилдик алуу.

Иран үчүн болсо – санкциялардын жеңилдетилиши, согуштук зыяндын ордун толтуруу маселеси жана өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо биринчи орунда турат.

Серепчилердин айтымында, бул суйлөшүлөрдүн натыйжасыз аякташы тактикалык кадам болушу мүмкүн. Эки тарап тең толук масштабдуу согушту каалабайт. Ошол эле учурда эч ким өз позициясынан баш тарткысы келбейт. Мында эки сценарий боюнча токтоло кетейин.

Пессимисттик сценарий: Бул ирет да сүйлөшүүлөр эч кандай жылышсыз аяктап, тараптар күч колдонуу коркунучун күчөтүшү мүмкүн. Бул учурда кысыктагы аскердик чыңалуу күчөп, дүйнөлүк рыноктор дагы чоң дүрбөлөңгө түшөт.

Оптимисттик сценарий: Көп өтпөй жаңы “убагында токтотуу” же кичинекей келишимге кол коюлушу мүмкүн. Мисалы, Иран бир нече айга өзүнүн ядролук программасындагы айрым иштерди токтотуп, АКШ андан соң бир аз жумшартылган санкцияларды киргизүүгө макул болушу ыктымал.

Күтүлүп жаткан жолугушуу, эгер өтсө, чечүүчү эмес, даярдык мүнөзүндө болушу ыктымал. Чыныгы “секирик” болушу үчүн дагы бир нече айлык татаал дипломатиялык сүйлөшүүлөр керек. Эң реалдуу сценарий – эч кандай олуттуу макулдашууга жетишилбей, кайрадан сүйлөшөбүз деп тарап кетүү ыктымалдуулугу да бар…

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева