28-февралда АКШ жана Израиль Иранга каршы аскерий чабуулдар баштап, аймактагы чыңалуу кескин күчөгөн. 8-апрелде Дональд Трамп ок атышпоо режими жарыяланганын билдирген. 11-апрелде тараптар Исламабадда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөрүшкөн, бирок анда макулдашууга жетишилген эмес. Кийинки жолугушуунун датасы жана шарттары азырынча макулдашыла элек.
Ушул шарттарда Иран менен АКШнын ортосунда келишимге жетишүү эмне үчүн кыйын болуп жатканы төмөндөгү талаптардан көрүнүп турат.
- Ирандын негизги талаптары:
Уранды байытуу укугу;
АКШ жана Израилдин чабуулдарын токтотууга кепилдик берүү жана алардын аскерлерин аймактан чыгаруу;
Ливанда ок атышууну токтотуу;
Согуштан келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
Бардык санкцияларды жоюу жана тоңдурулган активдерди бошотуу;
Ормуз кысыгын көзөмөлдөө.
- АКШнын талаптары:
Уранды байытууну толугу менен токтотуу;
Бардык негизги ядролук байытуу жайларын демонтаждоо;
Жогорку деңгээлде байытылган уранды (440 кг) өткөрүп берүү;
АКШ сунуштаган кеңири тынчтык жана чыңалууну азайтуу алкагын кабыл алуу;
Аймактагы ХАМАС, «Хезболла» жана хуситтер сыяктуу каршылык топторун каржылоону токтотуу;
Ормуз кысыгын ачык кармоо.