Иран Украинадагы жаңжалга НАТО менен Батыштын провокациялары себепчи деп эсептейт

 НАТОнун жана Батыш өлкөлөрүнүн чагымчыл аракеттери Украинадагы жаңжалдын негизги себеби болуп саналат.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан түрк телеканалы TRT World менен болгон маегинде билдирди.

Дипломат Тегеран Украинадагы согуштук аракеттердин уланышына каршы экенин жана аны саясий жол менен жөнгө салууну жактарын билдирди.

“Чыр-чатактын башынан эле биздин позициябыз так жана даана айтылган… Биз НАТОнун, ошондой эле бир катар европалык мамлекеттердин чагымчыл аракеттерин Украинада согуштук аракеттердин башталышынын негизги себеби деп эсептейбиз”, – деди ал.

Анын айтымында, Тегеран Киев менен Москванын ортосунда тышкы иштер министрлеринин жана президенттердин деңгээлинде ортомчулук кылууга көп аракеттерди жасады.

“Биз кош стандарттарга умтулбайбыз. Ирак, Сирия, Йемен, Палестина жана Ооганстандагы согушка каршыбыз. Ошол сыяктуу эле Украинадагы согушка жана адамдардын жер которуусуна каршыбыз”, – деди дипломат.

Мындан тышкары, ал Тегеран Москва менен “жакшы” мамиледе болгонуна карабастан Крымдын жана төрт жаңы аймактын Россиянын курамына кошулушун тааныбайт деп билдирди.

Анын айтымында, Иран мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн эл аралык мыйзамдарга ылайык тааныйт.

Эске салсак, Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган. Владимир Путин анын максатын 8 жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо деп атаган.

Былтыр октябрда Крым, Донецк жана Луганск Элдик республикалары, Херсон жана Запорожье облустары ал жакта өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы менен Россиянын курамына кирген.

Облустардын кириши боюнча Федералдык конституциялык мыйзамга Путин кол койгон.

Референдум 23-27-сентябрда өткөн. Бюллетендер 100% саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык боюнча Донецкиде (99,23%), Луганскиде (98,42%), ал эми Херсон 87,05% жана Запорожье облусундагылардын 93,11%ы Россияга кошулууга макул болгон.

Комментарий жиберүү