Кабулда ТИМ имаратынын жанындагы жардыруудан 21 киши мерт кетти

Sputnik Ооганстан кабарлагандай, 11-январда жанкечти өзүн жардырганда кеминде жыйырма бир киши өлүп, 40тан ашууну жаракат алды.

“Талибандын” өкүлү Ахмадулла Муттаки террорчу министрликтин имаратына кирүүгө аракет кылганын, бирок коопсуздук кызматкерлери аны токтоткондо өзүн жардырып жибергенин билдирди. Бул күнү Кытайдын делегациясы Тышкы иштер министрлигинин имаратына барышы керек эле.

Былтыр декабрда Кабулда куралчан топ кытайлык ишкерлер турган мейманкананы аткылаганда беш кытай жараны жабыркаган. Андан кийин кытайлык инвесторлор Ооганстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгарын билдирген.

Ооганстанда 2021-жылдын августунда талиптер бийликти басып алган. Андан бери өлкөдө талиптер касташкан “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулдары күчөдү.

Талиптердин бийлигин эл аралык коомчулук тааный элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кабулдагы террордук актыны айыптап, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Комментарий жиберүү