Франциялык басылма шакаба чеккен карикатуралары менен кайрадан чыр жаратты. Бул ирет Иран тууралуу

Иранда өлкөнүн Жогорку лидери Али Хаменеини мазактап, карикатурасын жарыялаган Франциянын “Charlie Hebdo” журналына нааразылык билдиришкен ирандыктар Франциянын Тегерандагы элчилигинин алдына митингге чыгышты.

Иран Ислам Республикасынын бийлиги өлкөнүн руханий лидеринин “Charlie Hebdo” журналынын акыркы санында жарыяланган карикатураларын мазактоо катары карашты.

“Франциялык басылманын диний жана саясий күчтүн карикатураларын жарыялоодогу кемсинткен жана уятсыз аракети  жоопсуз калбайт… Биз француз өкмөтүнө чектен ашуусуна жол бербейбиз”, – деди Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан.

Франциянын Тегерандагы элчиси Николя Рош түшүндүрмө берүү үчүн Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

“Франция сөз эркиндиги деген шылтоо менен мусулман өлкөлөрү үчүн ыйык болгон нерсени кемсинтүүгө укугу жок”, – деп билдирди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани.

Буга байланыштуу Иран бийлиги 1983-жылы Франциянын тышкы иштер министрлигинин карамагында түзүлгөн Ирандагы авторитеттүү француз илимий-изилдөө институту жабылганын жарыялады.

Франциянын Тегерандагы элчилигинин алдына чыккан ирандыктар Францияны «ырайымсыздыкка» айыпташып, “Францияга өлүм!” деген ураандарды чакырышты.

Иран карикатура үчүн жоопкерчиликти Франциянын бийлигине коюп, Парижден расмий кечирим суроону талап кылууда.

Сегиз жыл мурун эмне болгон?

“Charlie Hebdo” журналынын авторлору каалаган нерсесин кемсинтип, дайыма эл аралык чатактардын чордонунда болуп, шакаба сүрөттөрдү чыгарган дүйнөлүк деңгээлдеги провокаторлорго айланышты.

Басылма мусулман өлкөлөрү үчүн ыйык болгон нерселерди, белгилүү саясатчыларды кемсинткен карикатураларды буга чейин дагы жарыялап келген.

Басылма Мухаммед пайгамбардын карикатураларын бир нече жолу басып, бул ар кайсы өлкөлөрдө нааразылык акцияларына себеп болгон жана редакциянын өзү исламды сатиралаганы үчүн бир нече жолу коркутууга туш болгон.

2011-жылы редакцияга күйгүзүүчү аралашма ыргытылган, бирок басылма динге байланыштуу карикатураларды басууну уланткан.

2015-жылы 7-январда “Charlie Hebdo” журналынын Париждеги кеңсесине кол салуу болуп, 12 киши өлтүрүлгөн.

Сатиралык журналга өч алуу максатында болгон кол салууга мусулмандар арасында кескин нааразылыкты пайда кылган биринчи жолу 2005-жылы Данияда басылган, кийин 2006-жылы “Charlie Hebdo” кайра баскан Мухаммед пайгамбарды мазактаган карикатура себеп болгон.

2020-жылдын октябрында Парижде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга “Charlie Hebdo” журналы тарткан Мухаммед пайгамбарды мазактаган карикатураны көрсөткөн.

“Charlie Hebdo” журналынын карикатуралары бир катар өлкөлөрдө анын ичинде Кыргызстанда да нааразылыктарды жараткан

Самюэл Пати өлтүрүлгөндөн кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон сөз эркиндигин коргоп, мындай карикатураларга тыюу салынбашы керектигин айткан. 

Буга жооп кылып Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган француз лидеринин дарегине катуу сөздөрдү айтып,  Макронду расизмге айыптаган. Ошондой эле ал түрк коомчулугун француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырган.

Чечен муфтийи Салах Межуев Макронду “бардык мусулмандардын душманы” деп атаган.

Эске салсак, 2020-жылы аталган журнал Эрдогандын да шакаба сүрөтүн жарыялаган. Бул Түркияда кескин нааразылыктарды жараткан.

Эрдогандын шакаба сүрөтү журналдын башка бетине жарыяланган. Анда түрк президентин ич кийимчен отургузуп, хижаб кийип, стакан көтөргөн аялдын этегин ачып жатканын тартышкан. Эрдоган шакаба чеккен карикатурасы үчүн франциялык журналды сотко берген.

Франциялык журнал 2015-жылы редакцияга кол салуудан кийин ошол эле жылы биринчи санында кайрадан пайгамбардын карикатурасын жарыялаган. Андан улам ага каршы бир катар өлкөлөрдө анын ичинде Ош менен Бишкекте нааразылык акциялары өткөн.

Акцияга катышкан ошол кездеги депутат Турсунбай Бакир уулу карикатураларды провокация деп атаган.

2020-жылдын октябрынын аягында Франциянын Москвадагы элчилигинин алдында мусулмандар бир нече күн катары менен митингге чыгышкан. Макронго каршы акциялар Кыргызстанда да өткөн.

30-октябрда Ош шаарында Макрондун жүзүнө буттун изи түшүрүлгөн сүрөттөр калаадагы жолдордун жүргүнчүлөр өтчү жерлерине жабыштырылган.

1-ноябрда Бишкек шаарында Макронго каршы акцияга 500дөй киши чыгып, алар Мухаммед пайгамбарды шакаба сүрөттөргө тартууну жана исламга каршы чакырыктарды токтотууну талап кылышкан.

Акциянын уюштуруучусу, активист Абдулхамид Таштанов француз лидерин дүйнө мусулмандарынан кечирим суроого чакырган. Чогулгандар “Франция, исламдан колуңду тарт”, “Биз карикатурага каршыбыз”, “Биз исламды кемсинтүүгө жол бербейбиз”, “Биз пайгамбарыбызды сүйөбүз” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Комментарий жиберүү