Каржы пирамидаларынан миңден ашык адам жабыркаган

 Каржы пирамидасы – каржылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири.

Ички  иштер органдары тарабынан 2022-жылдын 12 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн, анын ичинен 765 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн  жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде, 129 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 246-беренесинин  1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде (айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондо) 4 кылмыш иши токтотулуп, калган 153 кылмыш иш боюнча тергөө амалдары  улантылууда. 

Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калганы Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны – 1052 адамды түзүп, келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашкан. Ал эми, келтирилген материалдык чыгымдын 481 000 сомдон ашыгы ээлерине өндүрүлүп берилген.

Ошондой эле, 2023-жылдын 3 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 54 кылмыш иши козголгон, эски жылдан 153 кылмыш иши өтүп баардыгы болуп 207 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын ичинен 67 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилген. Ошондой эле 1 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, учурда 138 кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 206 адамды түзөт.

Каржы пирамидаларын уюштурган ишканалар;Бишкек шаары боюнча: “Мега Инвест”, “Элиза үй буюмдары”, “Асыл айымдар”, “Финико”, “Файв виндс ассет мейважмемт” жана “ОК платформа” каржы пирамидалары;

Ош шаары боюнча: “Ордо-Мурас” каржы пирамидасы;Ысык-Көл облусу боюнча: “Аруке”, “Жүрөкө-Жүрөк” жана “Балыкчы Ынтымагы” каржы пирамидалары;Нарын облусу боюнча: “Мега Инвест” жана “Элиза үй буюмдары” каржы пирамидалары;

Чүй облусу боюнча: “Алмаз Авто” каржы пирамидасы.Жалал-Абад облусу боюнча: “Ансар групп”, “Ихсан ЛТД групп” жана “МПК” коммерциялык эмес кооперативдери.
Талас облусу боюнча: “Эл Биримдик”, “Нворк” жана “Куестро Ворд” каржы пирамидалары. 

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды талдап келгенде, жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденттерди убада кылган “кайрымдууларга” карызга батып, акча берип алданып келет.

Каржы пирамида – каржылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Адатта алдамчылар жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.

Көп учурда алар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акциаларды сатып алууну сунушташып, укмуш рентабелдүү делген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага инвестициялоого убада беришет. Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашырып иш алып барышы мүмкүн. 

Ошондуктан ак эмгек менен тапкан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурун, кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок. Бул сиздин акчаңызды коргоо максатында болуп жатат. Жана эсиңизде болсун: чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелдиктерсиз болбойт!

Урматтуу жарандар, эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болсо же сизге карата укукка каршы аракеттер болуп жаткандыгына шектенип жатсаңыз- Ички иштер органдарына токтоосуз кайрылыңыз.

Комментарий жиберүү