Президент эки ишти–бир иш менен чечкени жатат

 “Чыныгы достук кыйынчылыкта сыналат” дейт.

Россиянын жетекчилигинин тышкы саясаты боюнча ким кандай ойдо болбосун, жагабы, жакпайбы дагы көп жылдарга чейин Кремль биздин саясый, экономикалык негизги өнөктөшүбүз бойдон калат. Ал эми гуманитардык жактан Россиядан алыстамак түгүл жакындап баратканыбыз чындык.

Мына ушундай мезгилде Садыр Жапаровдун 7-майда Москвага расмий иш сапар менен барып, 9-майда Кызыл аянттагы аскердик парадга катышуусун өзгөчө көрүнүштөй, андан да жаманы чектен чыккан нерседей көрсөтүүгө негиз жок. В.Путин ЖККУга кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баардыгын чакырса, алардын баары баргандан баш тартышып, жалгыз Жапаров Москвага барганы жаткан жок. Билишибизче, Россиянын президенти КМШга же ЖККУга кирген өлкөлөрдүн жетекчилерин чакырган эмес, ал эми Садыр Жапаров мурда белгиленген иш сапарды – эки ишти бир ишке айландырып, же расмий сапарды парадга катышуу менен айкалыштырганы барганы жатат. Мында Украинанын айрым пропагандачыларынан башкаларды ичиктиргендей нерсени табуу кыйын.

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш бизге да таандык. Россиянын вице-президенти Алексей Оверчук белгилегендей, Москваны коргоого кыргызстандыктар чоң салым кошкон. Кыргызстандыктардын андай салымы белгилүү деңгээлде улуу согуштагы баардык салгылашууларда бар. Согушка Кыргызстандан 361 миңге жакын адам чакырылса, алардын үчтөн бирине жакыны кан майданда курман болушкан. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн 150 миңге жакын кыргызстандык ордендер жана медалдар менен сыйланышса, алардын 73ү Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку сыйлыкка, ал эми 29у Даңк орденинин үч даражасына арзышкан. Анын макамы да Баатырлык наамга барабар деп эсептелет. Садыр Жапаров Москвадагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюп, парадга катышуу менен курман болгон мекендештерибиздин элестерине таазим кылып да келет.

Ал эми маселенин саясый, экономикалык жагына келе турган болсок, Россия тоталдык санкцияларга кабылып, ага санкциялык товарларды реэкспорт кылып жатышат деген шекте Борбордук Азиядагы башка айрым республикалар менен бирге Батыштагылар Кыргызстанды да кысмакка ала баштаган учурда Садыр Жапаровдун иш сапарына сырттагылар гана эмес, ичтегилердин айрымдары да кооптоно карап жатышканы чындык. Эгерде кош маанидеги товарлар Кыргызстандан Россияга реэкспорт болуп жатат деп табышса, бизге символдук түрдөгү эскертме санкцияларды киргизиши да мүмкүн. Андай коркунуч бар. Бирок, батыштагылар санкция киргизишет деп Россиядан окчундап, Еврошериктештикти колдоп, алардын сөздөрүн сүйлөй башташыбыз керекпи?

Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүк жок. Биринчиден, Батыштагыларга караганда саясый, экономикалык жана гуманитардык жактардан Россия биз үчүн алда канча маанилүү. Товарларыбызды негизинен Россияга экспорттойбуз, ал жактан нефти продукциялары, газ, металл жана жыгач продукциялары сыяктуу ж. б. стратегиялык товарларды алабыз. Россиядагы мигранттарыбыздын которгон акчалары жылдан жылга көбөйүүдө. Буйруса, быйыл 3 миллиард доллардан ашканы турат. Бул деген консолидацияланган бюджетибиздин жарымына жакын. Россиядан аскер жашындагылардын сезилерлик бөлүгү качып кетишкенден кийин мигранттарыбызга дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Миңдеген жаштарыбыз Россиянын ЖОЖдорунда билим алышууда. Буларга салыштырганда Батыштагылардын преференциялары кайырчы бергендей эле болуп калат.

Экинчи жагынан, ири долбоорлорду ишке ашырганы жатканда Батыштагылардын жиндерин да келтирбешибиз керек. Эл аралык каржылык уюмдардын баардыгы алардын колдорунда. Аларды ачуулантсак, каржылык булактардын баарын жаап, сырткы карыздарыбызды реструктуризация кылбай коюшат, азырынча андай мүмкүнчүлүк бар. “Эки дөө жөөлөшсө, ортосунда чымынга күч келет” дегендей, мындай дилеммадан чыгуунун жолу кандай?

Кайсыл бир анекдоттогу жаандын тамчыларынын арасынан буйтап жүрүп, кургак чыккан адамдай, эки жагына тең ийкемдүү мамиле жасап, маневрлар менен тиричилик кылгандан башка жол жок. Бул өңүттөн алганда Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары эң туура. Анын үстүнө ал катардагы иш сапар эмес, “расмий” деп аталып жаткандан кийин Кыргызстан үчүн пайдалуу маселелер да чечилет деп ишенич бар.

Комментарий жиберүү