Карлсон АКШны Рим империясына салыштырды

Журналист ошондой эле өлкөгө Жо Байдендин президенттигинин учурунда бир нече штаттын калкынан көп мыйзамсыз мигранттар келгендигин белгиледи.

Америкалык журналист Такер Карлсон Америка Кошмо Штаттарын Рим империясынын тагдыры күтүп турат деп эсептейт. Ал мындай пикирди дүйшөмбү күнү америкалык экс-президент Дональд Трамптын коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, отставкадагы полковник  Дуглас Макгрегор менен маектешип жатып айтты.

Карлсон РФга баргандагы таасирлеринен улам АКШ лидерлерин жек көрө баштагандыгын билдирди. Мындан тышкары америкалык журналист АКШ армиясынын келечеги жок деп эсептейт.

Отставкадагы полковник АКШ президентинин администрациясы өлкөнү туура эмес миграциялык саясаты менен эле жок кылууну каалай тургандыгын билдирди.

Карлсон ошол эле учурда АКШда Байдендин президенттик мөөнөтү учурунда бир нече миллион мыйзамсыз мигранттар келгендигин айтты. Бул сан бир нече штаттын калкынан да көптүк кылат. Ал АКШ Рим империясынын тагдырын кайталашы мүмкүн экендигин айтты.  “Рим армиясында жана анын легиондорунда бөтөн өлкөлөрдүн жарандары үстөмдүк кылып, акыр аягында алар Римди колдобогондуктан, бул өлкөгө каршы чыгышкан”, – деди Карлсон

Мындан мурда  Трамп демократтын администрациясын “чек араны тез арада жабууга” чакырган.

Комментарий жиберүү