Борбор Азия өлкөлөрүндө орозо качан башталары айтылды

Борбор Азия өлкөлөрү жалпы мусулмандар үчүн жыл ичиндеги эң маанилүү Орозо айынын так күнүн аташты.

Алсак, быйыл Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда Орозо айы 11-мартта башталары белгилүү болду. Түркмөнстанда Орозо качан башталарын так айтыла элек.

Кыргызстан

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришкендей, Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталат. Маалыматка ылайык, 10-мартта таравих намазы окула баштайт.

Казакстан

Казакстандын муфтиятынын маалыматына караганда,  дата Кыргызстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын Окумуштуулар кеңеши менен сүйлөшүүдөн кийин бекитилген.

Анда дата Кыргызстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын Окумуштуулар кеңеши менен сүйлөшүүдөн кийин бекитилгени белгиленген.

“Жалпы фатвага ылайык, Орозо айы 11-мартта башталат. 6-апрелге караган түн — ыйык Кадыр түн, 10-апрель — Орозо айт”, – деп жазылат билдирмеде.

Өзбекстан

Өзбекстандын муфтиятынын маалыматы боюнча өткөн аптада Өзбекстан Республикасынын Мусулмандар башкармалыгынын демилгеси менен Орозо айынын датасын белгилөө боюнча түрк тилдүү мамлекеттердин фатва кеңештеринин онлайн жыйыны өткөн. Ага Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Түркиядан өкүлдөр катышкан.

Жолугушууда окумуштуулар жана адистер астрономиялык эсептерди жана байкоолорду, ошондой эле дүйнөнүн алдынкы астрономиялык институттарынын маалыматтарын талдаган.

«Окумуштуулар… астрономиялык эсептерди жана… байкоолорду эске алуу менен, Орозо айынын биринчи күнү 2024-жылдын 11-марты, дүйшөмбүгө туура келет деген бир пикирге келишти», — деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстан

Тажикстанда Орозо айы 11-мартта башталарын, Дин иштери боюнча комитет билдирди.

Дата Уламалар кеңеши тарабынан бекитилип, өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын астрофизика институтунун корутундусуна негизденген.

Комментарий жиберүү