Иранда Межлиске жана Эксперттер кеңешине шайлоо аяктады. Сүрөт

Иранда кечээ, 1-мартта Эксперттер кеңешине жана Межлиске (бир палаталуу парламент) шайлоо аяктап, шайлоо участкалары жабылды. Учурда добуштарды саноо уланууда.

Алдын ала жыйынтыктар бүгүн белгилүү болот.

Иран Конституциясынын Сакчылар кеңешинин расмий өкүлү Хади Тахан Назифтин айтымында, добуш берүүдө шайлоочулар жогорку активдүүлүгүн көрсөтүштү, айрым шайлоо участкаларында кезек күтүүлөр да болду.

Добуш берүүнүн коопсуздугун 250 миңге жакын аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыз кылды.

IRNA мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 61,17 миллион ирандык шайлоо укугуна ээ, анын 50,5% эркектер, 49,5% аялдар.

Межлиске шайлоого 15 миң талапкер, Эксперттер кеңешине 144 талапкер ат салышты. Жалпысынан республика боюнча 60 миңдей шайлоо участкасы иштеди.

Межлис — бир палатадан турган парламент. Анын курамында 290 депутат бар, эл тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланышат.

Эксперттер кеңешин — 88 адамдан турган Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн сегиз жылдык мөөнөткө эл шайлайт.

Комментарий жиберүү