“Крокус сити холлдогу” теракты жасагандарга канча акча убада кылынган?

Москванын четиндеги Красногорск шаарында жайгашкан “Крокус Сити Холл” концерттик залына кол салган террорчулар ар бири эмес, баардыгы 500 миң рубль алышы керек болчу. Бул тууралуу  россиялык  “Известия” басылмасы билдирди.

Мындан мурда шектүү катары кармалгандардын бири Шамсидин Фаридуни белгисиз бирөөлөр ага теркт жасагандыгы үчүн 500 миң рубль берүүнү убада кылып, ал акчанын жарымын банк картасына которгондугун, калган сумманы ала электигин ошол замат суракка алынган учурда айткан. Сыягы, анын сөзү коомчулукта туура эмес чечмеленип,  бул акчаны ар бир кылмышкерге убада кылышкандыгы тууралуу түшүнүк жаралган.

Ошондой эле  “Известияга” маалымат берген булак “Крокус Сити Холлго” кол салууга катышкан эки террорчу Түркияга барганда инструкция алышы мүмкүн экендигин айтып берген. Терактын калган катышуучуларын Россиядан табышып, кылмыш жасоого тартышкандыгын кошумчалаган ал.

“Крокус Сити Холлго” кол салган кылмышкерлерди уюшкан террордук топтун такшалган мүчөлөрү деп айтууга болбойт – себеби алар мурда кайсы бир мыйзамсыз түзүмдүн катарында болушкан эмес жана теракт жасала турган бир нече күн мурда эле топтолгондугун “Известиянын” дагы бир маектеши билдирген.

“Булар террорчулардын, фанаттардын уктап жаткан уюгунун классикалык мүчөлөрү болушкан эмес. Сыягы, аларды 2-3 жумада эле ушул кылмышты жасоого азгырышкан. Кураторуна, алардын рухий лидерине сөзсүз эле өзү Россияда болушу да зарыл эмес болгон,  баардыгын аралыктан туруп эле башкарган. Андыктан булар интеллекти жана өз алдынча ойлоно ала турган деңгээли өтө төмөн кокусунан эле табылган аткаруучулар болушкан. Дал ушул жагдай алардын азгыруунун ар кандай ыкмаларын жана методдорун билген кураторуна психологиялык кысым көрсөтүү, таксисттер менен кара жумуш жасагандарды террорчуга айлантууга мүмкүнчүлүк түзгөн”, – деп түшүндүргөн “Известияга” антитеррордук коопсуздук чөйрөсүндөгү адис.

Эске сала кетүүчү жагдай, мындан мурда “Крокус Сити Холлдогу” ири масштабдуу террордук акцияга шектүү катары кармалган төрт кылмышкердин баш коргоо чарасын тандоо үчүн сотко жеткирилген. Шектүүлөрдүн бири – 19 жаштагы   Мухаммадсобир Файзовду тез жардам кызматында алып келип, кресло-каталкада залга жеткиришкен. Ал катетер жана заара кабыл алуучу медициналык кийимчен болгон.

Москванын Басман райондук соту баардык шектүүлөргө карата 1 ай 28 күн же 2024-жылдын 22-майына чейин камакка алуу баш коргоо чарасын кабыл алган. Алардын баарына РФнын ККнын 205-статьясынын 3-бөлүгүнүн б пункту – “Террордук акт” боюнча айып коюлган. Бул статья боюнча эң көп жаза – өмүр боюу эркинен ажыратуу болуп саналат.

Айыпталуучулардын баардыгы күнөөсүн мойнуна алышкан.

Комментарий жиберүү