Кулубаев: Палестина элинин азап-кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт

15-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестина Мамлекетинин Ташкент шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчиси Джавад Авадды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев Газа тилкесиндеги согуштук аракеттердин натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу көңүл айтып, Кыргызстандын эли палестина элинин азап-кайгысын тең бөлүшөөрүн белгиледи.

Министр Кыргызстан ок атышууну тез арада токтотууну жактай тургандыгын, ошондой эле палестина элинин өз тагдырын өзү аныктоо жана көз карандысыз палестина мамлекетин түзүү боюнча мыйзамдуу ажырагыс укуктарын колдоого толугу менен берилгендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Дж.Авад, кыргыз тарапка жолугушуу жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында өткөн 8-Кезексиз Ислам Саммитине КР президенти Садыр Жапаровдун жеке катышуусун жана Кыргызстандын палестина маселеси боюнча бир орундуу позициясын өзгөчө белгиледи.

Ошону менен бирге, Палестина-Израиль жаңжалынын аймагындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Газа тилкесинин жарандык калкынын каргашалуу гуманитардык кырдаалын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар согуштук аракеттер тез арада токтотулат деген үмүтүн билдиришип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө болгон умтулууларын тастыкташты.

Комментарий жиберүү