Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегацияларынын келиши уланууда. Сүрөт

16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт.

Сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот.

КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.

15-ноябрда Кыргызстанга Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди. Делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Ошондой эле Азербайжандын  Милли Межлисинин жөрайымы Сагиба Гафарова баштаган делегация да келди. Сыйлуу конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.

Ал эми Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова баштаган жана Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян баштаган парламенттик делегацияларды «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев  тосуп алды.

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстанга Өзбекстандын Олий мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева жана Тажикстандын Мажлиси Оли Маджлиси милли төрагасы Рустам Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Казакстандан делегациялардын келиши күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү