Палестина Кыргызстандын көрсөткөн көмөгүн эч качан унутпайт

Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад палестиналыктардын башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоо көрсөткөн Кыргызстандын президентине, Жогорку Кеңешине жана жалпы элине ыраазычылык билдирди.

Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Төрага Нурланбек Шакиев Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи.

“Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз”, – деди.

Шакиев муну менен катар жакында Эр-Рияд шаарында Палестина аймагындагы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз VIII Ислам саммитине президент Садыр Жапаров катышып, ок атышууну токтотууга, ошондой эле эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги жарандарга гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга чакырганын эске салды.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которуу чечимин кабыл алышканын, мамлекет башчынын тапшырмасы менен гуманитардык жардамдар да жөнөтүлө турганын белгиледи.

Өз кезегинде Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад Израилдин баскынчылыгы 7-октябрда эле башталбагандынын белгиледи.

“75 жылдан бери уланып келе жаткан зомбулук азыркы учурда түрдүү алааматтар менен коштолууда. Акыркы баскынчылыктын кесепетинен 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден ашуун киши жаракат алды. Алардын 75%дайы жаш балдар” – деди.

Ошондой эле элчи Палестина элинин башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоосун көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине жана жалпы элине ыраазычылыгын айтты.

“Биз көрсөткөн көмөгүңөрдү эч качан унутпайбыз. Тилекке каршы, берилген гуманитардык жардамдарды Палестина элине жеткирүүгө да тоскоолдук жаратып, ооруканаларды да талкалап жатышат. Андыктан, дүйнө коомчулугун Израиль баскынчылыгын токтотууга чакырабыз”, – деди.

Алсак, Джавад Авад элчилик ишмердүүлүгүн Кыргызстан менен Өзбекстанда айкалыштыра аткарат. Ал эми резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан.

Комментарий жиберүү