Кыргызстанга Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багери келди

Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Али Багери ТИМдер аралык кезектеги саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багерини бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабыл алды.

Министр Кулубаев саясий диалогдун жакшы деңгээлин жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы түрдүү тармактардагы мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө, анын ичинде өз ара соода жүгүртүүгө, инвестициялык байланыштарды жогорулатууга, транспорт-логистика тармагында, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Кулубаев кыргыз-иран мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу максатында министрликтер аралык саясий кеңешмелердин жемиштүү өтүшүн каалады.

Комментарий жиберүү