Ирандын акыркы 20 жылдагы илимий жетишкендиктери. Статистика

Иран өлкөсү Ислам революциясынын арты менен акыркы 20 жылда бардык тышкы кысымдарга, эл аралык санкцияларга карабастан, элдин жана ирандык адистердин күч-аракеттери менен илим, изилдөө, медицина, өнөр жай, космос жана башка тармактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишти.

Ирандын илимдеги орду, 2018-жылдын статистикасына ылайык, илимий изилдөөлөр боюнча дүйнөдө 16-орунда, Ислам дүйнөсүндө биринчи орунда турат.

Жыл сайын жарыяланып турган Web of Science, Scopus жана ISC сыяктуу ишенимдүү маалымат базаларынын статистикасы 1996-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде Ирандын илимий абалы жакшырганын көрсөтөт. 20 жыл аралыгында Иран илим жаатында 54 орундан 16-орунга көтөрүлгөн.

“New Scientist”” жана Science Metrix” аттуу абройлуу илимий базалардын отчетуна ылайык, Иран Ислам Республикасы 1980-2009-жылдар аралыгында илимий өсүш боюнча биринчи орунду ээлеген.

Дүйнө өлкөлөрүнүн илим жаатындагы изилдөөлөрүнүн абалы, 1996-2017-жылдар аралыгы. Булак: Scopus

Scopus базасынын статистикалык маалыматтарына карасак, Батыш Азия жана Түндүк Африка өлкөлөрүнүн илим өндүрүшүндөгү абалын карасак, 2017-жылы Иран биринчи орунду ээлеген.

Ирандын илимий жетишкендиктери

  • Иран генетикалык илимдер жана уңгу клеткалары боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат;
  • Аэрокосмикалык илимдер; дүйнөдө 45-орундан 11-орунга көтөрүлдү;

Эл аралык расмий статистикага ылайык, 1996-жылы Иран эң мыкты космостук технологиялары бар өлкөлөрдүн арасында 45-орунда турган. Ошол жылдары Иран санкциялардын алдында турган. Бирок бүгүнкү күндө Иран жаңы космостук технологиялары бар өлкөлөрдүн ичинде 11-орунда турат.

Дүйнө өлкөлөрүнүн аэрокосмостук илим жаатындагы абалы, 1996-2017-жылдар аралыгы. Булак: Scopus

  • Иран фармацевтика илимдери боюнча дүйнөдө 54-орундан 11-орунга көтөрүлгөн;

Иранда дары-дармектердин 95%дан ашыгы ирандык адистер тарабынан өндүрүлөт, 5%дан азы гана чет жактан импорттолот.

Дүйнө өлкөлөрүнүн фармацевтика илими жаатындагы абалы, 1996-2017-жылдар аралыгы. Булак: Scopus

  • Иран биохимия жана молекулярдык биоилимдер жаатында дүйнөдө 53-орундан 17-орунга көтөрүлгөн;

Төмөндөгү жадыбалдан Ирандын бул жаатта 1996-жылы 53-орундан 2017-жылы 17-орунга чейин жетишкендигин көрө алабыз.

Дүйнө өлкөлөрүнүн биохимиялык илимдер жаатындагы абалы, 1996-2017-жылдар аралыгы. Булак: Scopus

Комментарий жиберүү