Кыргыз-иран саясий кеңешмесинде түз аба каттамдарын жандандыруу тууралуу сөз болду

Бишкекте 1-февралда өткөн кыргыз-иран өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кезектеги саясий кеңешмелерде эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн Бишкек менен Тегерандын ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруу маселеси көтөрүлдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми ирандык тарапты тышкы иштер министринин орун басары Али Багери жетектеди.

Белгилей кетсек, Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 4-февралдан тарта 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарат. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар.

Иран менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр көптөн бери уланып келет. Бишкек — Тегеран түз каттамдары 2008-жылы «Itek Air» авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы кырсыкка учурагандан кийин токтотулган. Учак техникалык кемчиликтерден улам бийик көтөрүлө албай, кайрадан конуу тилкесине кайрылып жатып Жаңы-Жер айылынан 10 чакырым алыстыкта кыйроого учураган. 90 жүргүнчүнүн ичинен 64 адам көз жумган. 

Кеңешмелердин жүрүшүндө ошондой эле тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашып, үстүбүздөгү жылга карата өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Эки өлкөнүн саясий чөйрөсүндө өз ара кызматташуу маселелерине токтолуп, Атаханов кыргыз-иран мамилелери конструктивдүү жана достук мамиледе экенин, мамлекеттер бир аймакта жайгашкан жана тарыхы менен маданияты окшош экенин, аймактык коопсуздукту чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоого көп көңүл бурулду. Бул контекстте делегациялар транспорт, айыл чарба, логистика жана туризм тармактарында түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда бири-бирине керектүү жардам көрсөтүүнү макулдашышты.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты жана БУУ, ЭКУ, ШКУ, ИКУ жана ЕАЭБ платформаларында аймактык кызматташтык маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Өз кезегинде ирандык делегациянын башчысы Али Багери ТИМ аралык кезектеги консультацияларды Тегеранда өткөрүүнү сунуштады.

Али Багери ТИМдер аралык кезектеги саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Кыргызстанга 30-январда келген. Ал сапардын алкагында 1-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолуккан.

Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө, анын ичинде өз ара соода жүгүртүүгө, инвестициялык байланыштарды жогорулатууга, транспорт-логистика тармагында, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Комментарий жиберүү