Кыргызстан Палестина менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр

КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кыргызстан Палестина менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирип, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн, активдүү өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Бул тууралуу ал Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Мохаммед Авадды кабыл алганда билдиргенин ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, атап айтканда, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, түрдүү деңгээлдеги байланыштарды түзүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде, элчи Жавад Авад жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана тереңдетүү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыгына ишендирди.

Белгилей кетсек, Жавад Мохаммед Авад Палестинанын Кыргызстандагы жаңы элчиси (айкалаштыруу менен) болуп ушул жылдын январында дайындалган.

Комментарий жиберүү