Кытай дүйнөдө биринчилерден болуп Ооганстанга элчисин жөнөттү

Кытай Ооганстанда бийликке «Талибан» кыймылы келгенден бери бул өлкөгө расмий түрдө жаңы элчи дайындаган биринчи мамлекет болуп калды.

Кытайдын Ооганстандагы жаңы элчиси Чжао Син «Талибан» өкмөтүнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Хасан Ахундга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Бул тууралуу талиптердин өкүлүнүн орун басары Билал Карими билдирди.

«Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммад Хасан Ахунд салтанаттуу аземде Кытайдын Ооганстандагы жаңы элчиси Чжао Син мырзанын ишеним грамотасын кабыл алды. Аземге тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки дагы катышты», — деп жазды Карими X (мурдагы Twitter) социалдык тармактагы баракчасына.

Маалыматка караганда, Кытайдын жаңы элчиси өзүнүн Ооганстанга дайындалышын чоң сыймык деп атап, өлкө жетекчилигине кытай бийлигинин эң жакшы каалоолорун жана саламын айткан.

«Өз кезегинде Мохаммад Хасан Ахунд Чжао Синдин дайындалышы өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин жаңы барагын ачат деген үмүтүн билдирди. Ал ошондой эле Кытай менен Ооганстандын мамилеси акыркы эки жылда эң жакшы деңгээлге чыкканын белгиледи», — деген Карими.

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин башчысы талиптердин өкмөтү КЭРге өзүнүн дипломатиялык өкүлүн жибергендигин билдирген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Чжао Синдин бул кызматка дайындалышы боюнча комментарий берип, бул Кытайдын Ооганстандагы элчисинин кадимки ротациясы жана ал Кытай менен Ооганстандын ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталганын билдирген.

«Кытайдын Ооганстанга карата саясаты так жана ырааттуу», — деп баса белгилеген ведомствонун билдирүүсүндө.

Кытайдын Ооганстандагы мурдагы элчиси Ван Юй бул кызматта 2019-жылдан 2023-жылдын августуна чейин иштеген.

2021-жылдын жазында АКШ Ооганстандан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү чечимин жарыялагандан кийин талиптер Ооганстанга көзөмөл орнотуу боюнча масштабдуу операция баштап, 15-августта  Кабулга кирип, бийликти колго алган. 7-сентябрда алар өздөрүнүн Убактылуу өкмөтүнүн курамын жарыялашкан, бирок анын легитимдүүлүгүн дипломатиялык өкүлдөр алмашканы менен азырынча бир дагы өлкө тарабынан расмий тааныла элек.

Комментарий жиберүү