Грузияда мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатабы?

Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы кутумчулар тобу бийликти күч менен алмаштыруу үчүн баш аламандык уюштурууну пландап жатканын билдирди.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Грузиянын аймагында жана анын чегинен тышкаркы адамдардын тобу дестабилдештирүү жана жарандык баш аламандык уюштурууну пландаштырууда, анын түпкү максаты — бийликти күч менен алмаштыруу. Деструктивдүү аракеттерди баштоо мөөнөтү октябрь-декабрь айлары деп айтылган», — деп айтылат Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Ведомство «кутумдун» уюштуруучулары деп Георгий Лорткипанидзе (Михаил Саакашвилинин тушунда Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары), Саакашвилинин мурдагы жансакчысы Михаил Батурин жана жана Украинадагы Грузин легионунун командачысы Мамуку Мамулашвили атады.

Алардын бири дагы грузин атайын кызматынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Башаламандыктарды уюштуруу октябрь-декабрга пландаштырылган, анткени бул мезгилде Грузия Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер статусун алабы же албайбы деген маселе боюнча Еврокомиссиянын убактылуу отчету жана Евробиримдиктин жыйынтыктоочу отчету жарыяланат.

Ведомствонун маалыматы боюнча топтун мүчөлөрү бир нече сценарийлерди иштеп чыгышкан: алардын бири борбордук проспектилерге чатырларды тигүү жана мамлекеттик имараттарды тосуу. Андан соң жарандар арасында курмандыктардын болушу шаарда баш аламандыкка алып келиши үчүн чатырлар шаарчасында бомба жардыруу болуп саналат. Мамлекеттик коопсуздук кызматы кылмыштуу топ Украинадагы «евромайданга» окшош сценарийди да караштырып жатканын билдирди.

Комментарий жиберүү