Макрон Россияга каршы турууга даяр экенин билдирди

Франциянын президенти Эммануэль Макрон France 2 телеканалына берген маегинде өлкөсү Россия тараптан мүмкүн болгон эскалацияга жооп кайтарууга жана анын “жеңбешине кепилдик бере турган чечимдерди кабыл алууга” даяр экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Бүгүн биз үчүн каршылык көрсөтүүнүн учуру келди. Россия эскалацияны мындан ары да улантса жана кырдаал курчуп кетсе, биз ага даяр болушубуз керек жана биз Россия эч качан жеңип кетпей турган чечимдерди кабыл алууга даярбыз деп айтууга ылайыктуу учур. Максатыбызга жетүү үчүн бардыгын жасайбыз”, – деди Макрон.

Ошол эле учурда ал “Франция Россия жана орус эли менен согушуп жатпаганын” белгилеп, бирок Украинаны колдорун белгиледи.

“Украинанын эгемендүүлүгү жана эл аралык таанылган чек араларына кайтып келмейинче, узак мөөнөттүү тынчтык болбойт. Украиндер анын шарттарын аныкташы керек. Ал эми тынчтык Украинанын капитуляциясын билдирбейт”, – деп кошумчалады ал.

Ошону менен бирге ал Франция ядролук держава катары эскалацияга катышпашы керектигин белгилеп, өлкөнүн ядролук арсеналы биринчи кезекте француздардын коопсуздугун камсыздай турганын белгиледи.

Макрондун резонанстуу билдирүүсү

Февраль айынын аягында Франциянын президенти Париж Москванын “бул согушта жеңип чыгышына” жол бербөө үчүн бардыгын жасай турганын айткан. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинага аскерлерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан, бирок азырынча орток пикирге келе элек.

Кийинчирээк бул сөздөрү үчүн катуу сынга кабылган саясатчы анын сөздөрү кылдат ойлонуштурулганын белгилеген. Макрон ошондой эле Франциянын мурдагы советтик республикага жардам көрсөтүү маселесинде эч кандай чеги жана кызыл сызыгы жок экенин баса белгилеген.

Ошол эле учурда Европанын көптөгөн өлкөлөрүнүн бийликтери Украинага аскер кызматкерлерин жөнөтүү тууралуу сөз жок экенин билдиришкен. Атап айтканда, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана коргоо министри Борис Писториус Германия ал жакка аскер кызматкерлерин жөнөтпөй турганын баса белгилешти. Мындан тышкары, Германиянын өкмөтүнүн башчысы НАТОнун башка мүчөлөрү да муну жасоого ниеттенбей турганын тактаган.

11-мартта альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг биримдик Украинага аскерлерин жиберүүнү көздөбөй турганын ырастап, Макронду мындай маселелер боюнча уюмдун мүчөлөрү менен кеңешүүгө чакырган.

Россиянын президенти Владимир Путин европалык контингенттин киргизилиши согуш талаасындагы кырдаалды эч кандай өзгөртпөй турганын, ал Киев бийлиги үчүн оор кесепеттерге алып келерин эскерткен. Ал француз лидеринин Парижде Украинаны колдоо боюнча кызыл сызыктар жок деген сөзүнө жооп кылып, мындай мамилеси бар мамлекеттерге каршы Россияда да кызыл сызыктар болбой турганын билдирген.

Комментарий жиберүү