Африкадагы какао чыгарган заводдор токтоп калды

Кот-д Ивуар жана Ганадагы какао чыгарган ири заводдор ишин токтотту же кыскартты. Себеби алар мындан ары шоколад жасай турган какао-бобду сата албайт. Буга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча шоколаддын баасы жогорулап кетиши күтүлүп жатат.

Бул эки африкалык өлкөлөргө дүйнөлүк какао өндүрүшүнүн 60%ы туура келет. Шоколад өндүрүүчүлөр азыр эле какаонун түшүмү төмөн болуп жаткан үч жылдан кийин буюртмачыларга бааны көтөрүштү, эми төртүнчү жылы түшүм кандай болору белгисиз. Мындан тышкары, жакынкы мезгилде  Кот-д’Ивуарда дагы бир нече ири мамлекеттик заводдор жабылышы мүмкүн.

Ал эми какао өндүрүү боюнча экинчи орунду ээлеген Ганада мамлекеттик Cocoa Processing Company (CPC) компаниясын кошкондо дээрлик сегиз ишкана какао-сезон башталган октябрда бир нече ирет жумушун жумалап токтотуп коюшкан.  CPCтен какао-бобдун жетишсиздигинен улам ишкана болгону 20% кубаттуулукта иштеп жаткандыгын билдиришти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Путин: Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт

Путин: Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт

 12.09.2023

Баанын өсүшү дүйнөлүк какао соодасынын фермерлер жергиликтүү дилерлерге какао-бобду саткан, өз кезегинде алар аны кайра иштетүүчү заводдорго же дүйнөлүк трейдерлерге саткан мурдатан калыптанып калган механизмин бузду.

Бул трейдерлер андан соң какао-бобду же какао-азык – майды, порошок жана какао-ликерди – дүйнөлүк Nestle, Hershey жана Mondelez сыяктуу шоколад гиганттарга сатышат.

Демейде рынок өзүнүн катаал талабын коёт: трейдерлер жана кайра иштетүүчүлөр бобду жергиликтүү дилерлерден алдын ала макулдашылган баа менен бир жыл алдың сатып алышат. Жергиликтүү бааны аныктоочулар бир топ төмөн сатып алуу наркты коюшуп, ал боюнча фермерлер бобду сатышат.

Бирок быйылкыдай дефицит учурда система үзгүлтүккө учурайт – жергиликтүү дилерлер көпчүлүк учурда фермерлерге сырьёну жоготуп албаш үчүн сатып алуу баасына кошумча акча кошушат. Андан соң дилерлер бобду рынокто жогорку баада сатышат.

Дүйнөлүк трейдерлер шоколад фирмаларынын алдындагы өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн бул бобдорду кандай баада болсо да сатып алууга шашылышкандыктан жергиликтүү кайра иштетүүчүлөр көпчүлүк учурда бобсуз калышат.

Кот-д’Ивуар жана Гананын бийликтери адатта жергиликтүү плантацияларды аларга арзан кредит же дүйнөлүк трейдерлер үчүн бобдун көлөмүн чектеген план киргизип, колдоого алышат.  Бирок быйылкы жылы фабрикалар алдын ала буюртма берген какаону ала алышпайт жана жогорку баада да сатып алууга мүмкүнчүлүк жок.

Какао боюнча эл аралык уюм (ICCO) каконун дүйнөлүк өндүрүшү бул сезондо  10,9% же  4,45 млн метрикалык  тоннага азаярын божомолдоодо. ICCOнун маалыматы боюнча, талап менен сунуштун дал келбегендигинен улам рыноктогу тартыштык бул сезондо өткөн жылдагы 74 миң тоннага салыштырмалуу 374 миң тоннаны түзөт.

Демек, кайра иштетүүчүлөр жана шоколад компаниялар өздөрүнүн керектөөсүн толук жабуу үчүн какаонун корун иштетүүгө мажбур болушат.  ICCO сезондун аягында какаонун дүйнөлүк кору акыркы 45 жылда эң төмөн деңгээлге төмөндөйт деп күтүүдө. Мындай тартыштык рынокто 1960-жылдын соңунан бери байкала элек.

Комментарий жиберүү