Мирзиёев Ирандын президенти менен жолугушту — эмнелер талкууланды

Эки өлкөнүн президенттери өзбек-иран мамилелерин мындан ары чыңдоо, соода, инвестиция, инновация жана транспорт тармагында практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Бүгүн, 9-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин иш-чараларынын программасынын алкагында Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту, деп билдирди өзбек президентинин маалымат кызматы.

Жолугушууда эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүү динамикасы уланып жатканы жана  экономиканын түрдүү тармактарында кооперация долбоорлору биргелешип ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди.

Мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде толук масштабда ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

«Өнөр жай кооперациясы жана локализация, айыл чарба сектору, логистика тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү баса белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстан менен Ирандын башчылары маданий-гуманитардык жана илимий алмашууну өнүктүрүү керектигин баса белгилешти. Ошондой эле аймактык күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде Ооганстандагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.Эске салсак, Ирандын президенти Ибрахим Раиси 8-ноябрда расмий сапары менен Тажикстанда болду. Сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде Душанбе менен Тегеран виза режимин жоюу тууралуу макулдашты.

8-9-ноябрда Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өтүп жаткан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 16-саммитине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев,  Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышууда.

Катышуучулардын арасында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Пакистандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Анвар ул-Хак Какар жана Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хусрав Назири да бар.

Комментарий жиберүү