Газа шаарынан бир суткада 15 миңден ашык палестиналык чыгып кетти

Бир сутканын ичинде Газа шаарынан 15 миңден ашык жайкын тургун чыгып кетти. Бул тууралуу 8-ноябрь күнү кечинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү билдиришти.

Жекшемби күнү Газадан 2 миң, дүйшөмбү күнү 5 миңге жакын жай тургун чыгып кеткен. Шаардын жашоочуларын эвакуациялоо израил аскерлери көзөмөдөп турган гуманитардык коридор аркылуу ишке ашууда.

Израилдин күчтөрү Газа тилкесинин Газа шаары жайгашкан түндүк бөлүгү менен түштүк бөлүгүн ортосунан тең экиге бөлгөндөн кийин жайкын тургундар үчүн гуманитардык коридор ачкан. Израил Газаны көзөмөлдөп турган ХАМАС радикал тобуна каршы операция аяктаганга чейин тургундарды тилкенин түштүк бөлүгүнө барууга чакырып жатат.

Израил аскерлеринин айтымында, буга чейинки күндөргө салыштырмалуу 8-ноябрда Газадан көбүрөөк тургундар чыгып кетүүдө. Шаршемби күнү израил өкмөтүнүн өкүлү Эйлон Леви Газа шаарында 100 миңге жакын киши калганын билдирген.

Ал арада ХАМАСтын өкүлдөрү БУУнун Палестин качкындарынын иши боюнча агенттигин Газанын түндүк бөлүгүндөгү тургундарды түштүккө көчүрүүгө жардам берүүгө айыптап, бул көрүнүштү гуманитардык катастрофа деп атады.

Бүгүнкү күндө Газа тилкесинин 1,5 миллиондон ашык жайкын тургуну аймактын түштүк бөлүгүндө. Египет «Рафах» өткөрүү бекети аркылуу башка өлкөлөрдүн жарандыгы бар адамдарды гана өз аймагына өткөрүүдө. Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги бул бекеттен падышалыктын 150дөн ашык жараны Египетке өткөнүн билдирди.

Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари операция башталгандан бери ХАМАСтын 130дан ашык жер астындагы туннелдерин талкалоого мүмкүн болгонун билдирди. Израилдин коргоо министри Йоав Галлант ХАМАСтын туткунундагы 240 киши бошотулмайынча, өкмөт гуманитардык тыныгуу жарыяланган күндө да ок атууну токтотпой турганын билдирди.

Ошол эле маалда AFP агенттиги Катар кыска мөөнөттүү гуманитардык тыныгуу үчүн барымтадагы 10-15 кишини бошотуу боюнча ХАМАС жана Израил менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын жазды.

7-октябрда ХАМАС  кыймылы Израилге кол салып, 1 400дөй адамдын өмүрү кыйылган. 240тан ашуун кишини согушкерлер барымтага алышкан. Ошондон бери жөөт армиясы Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку урууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан набыт болгондордун саны 10 миңден ашканын билдирди.

Комментарий жиберүү