Садыр Жапаров Газадагы согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде сөз сүйлөп, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырды.

«Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Ооганстан тематикасына токтолуп, ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү жана ооган экономикасын калыбына келтирүүгө көмөктөшө турган регионалдык интеграциялык экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ар тараптан колдоо боюнча ишмердүүлүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 8-9-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммити өтүп жатат.

Ага уюмга мүчө — Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары, ошондой эле Казакстан жана Пакистандын өкмөт башчылары, ЭКУнун башкы катчысы Хусрав Нозири да катышууда.

Комментарий жиберүү