Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан дагы 14 жылга соттолду

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан жана анын жубайы Бушра Биби шаршемби күнү  Тошаханада мамлекеттик казынада сакталган баалуу буюмдарды сатууга байланышкан коррупциялык иш боюнча 14 жылга эркинен ажыратылганын Geo телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.

Тошахана — башка өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге тартууланган белектер сакталган жай, ал өлкөнүн министрлер  кабинетинин карамагында турат.

Ошондой эле экөөнө тең 10 жылга ар кандай мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынып, ар бирине 787 миллион рупий (2,8 миллион доллар) өлчөмүндө айып салынды.

Бул иш боюнча жаңы өкүм атайын сот Ханды жана мурдагы тышкы иштер министри Шах Мехмуд Курешини мамлекеттик сырды ачыкка чыгарганы үчүн 10 жылга эркинен ажыраткандан бир күндөн кийин чыкты.2022-жылдын октябрында Пакистандын Шайлоо комиссиясы Ханды парламенттик мандатынан жана беш жылга өлкөнүн федералдык жана аймактык мыйзам чыгаруучу органдарына шайлануу жана дайындалуу укугунан ажыраткан. Комиссия Ханга карата мындай чечимди кабыл алып, аны Тошаханда сакталган 52 баалуу буюмду сатып жибергендиги жана жеке өзү алган белектери тууралуу маалыматты жашырган деп тапкан.

Хан кеткенден кийин өлкөнү башкарган премьер-министр Шахбаз Шариф Имран Хан Дубайда жалпысынан 140 миллион пакистандык рупийге (630 миң доллардан ашык) бааланган мамлекеттик казыналарды сатканын билдирген.

Өткөн жылдын август айында Исламабаддын соту Ханды Тошахананын мамлекеттик казынасында сакталган баалуу буюмдарды сатуу боюнча алдамчылык иши боюнча үч жылга эркинен ажыраткан. Өкүмдүн жыйынтыгында Пакистандын шайлоо комиссиясы мурдагы премьер-министрге беш жылга саясий ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган. Бирок ошол эле айда Исламабаддын Жогорку соту Хандын үч жылдык жаза мөөнөтүн убактылуу токтоткон, бирок ал башка иштер боюнча дагы эле түрмөдө кала берген.

Хан Пакистандын министрлер кабинетин 2018-жылдан 2022-жылга чейин жетектеген. Мурдагы өкмөт башчы 2022-жылдын 10-апрелинде ага карата ишеним көрсөтпөө добушунун жыйынтыгында кызматтан алынган.

Комментарий жиберүү