4-февралдан тарта 28 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат

Иран 4-февралдан тарта 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарат. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан, Беларусь, Катар, Мексика, БАЭ, Сауд Аравиясы, Сербия, Өзбекстан жана Япония бар.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук, межлис жана ирандыктардын иштери боюнча орун басары Алиреза Бигдели IRNA агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

«Тышкы иштер министрлиги 28 өлкөгө визаны алып салуу боюнча министрлер кабинети бекиткен жарлыкты тиешелүү органдарга кабарлады», — деп ирандык агенттик анын сөзүн келтирди.

«Ага ылайык, Иранга туристтик максатта бара турган 28 өлкөнүн жарандары 2024-жылдын 4-февралынан тарта өлкөгө визасыз кире алышат», — деп кошумчалады Бигдели.

Ошол эле учурда ал Индиянын жарандары чек араны аба жолу менен кесип өткөндө гана виза талап кылынбай турганын баса белгиледи.

Эске салсак, Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн бир тараптуу виза режимин жокко чыгаруу чечимин  кабыл алганы былтыр декабрда маалымдалган. Бирок визаны жокко чыгаруунун жол-жобосу жана мөөнөтү жөнүндө толук маалымат айтылган эмес. 

Иран менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу визасыз режим былтыр киргизилген.

Алсак, Казакстан Ирандын жарандары үчүн визасыз режимди 2022-жылдын 7-июлунан тартып киргизсе, Ислам Республикасынын өкмөтү Казакстандын жарандары үчүн 2022-жылдын 11-ноябрынан тарта киргизген. Муну менен эки өлкөнүн жарандарына 14 күн өлкөлөр аймагында визасыз жүрүүгө уруксат берилген.

Ал эми Тажикстан менен Ирандын өкмөттөрү эки мамлекеттин жарандары үчүн визалык режимди жоюу боюнча меморандумга быйыл 8-ноябрда Иран президенти Ибрахим Раисинин Душанбеге жасаган сапарынын алкагында кол коюган.

Комментарий жиберүү