31-январда Катарда футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалдык оюндары жыйынтыкталды.
1/8 финалдык беттештердин жыйынтыгы менен сегиз курама команда оюндан четтетилип, 8 команда трофей үчүн беттешти улантат.
Чейрек финалда: Тажикстан — Иордания, Австралия — Түштүк Корея (2-февраль), Иран — Япония, Катар — Өзбекстан (3-февраль) беттешет.
1/8 финалдын жыйынтыгы:
28.01. 18:00. Тажикстан – БАЭ – 1:1 (пен. 5:3);
28.01. 13:30. Австралия – Индонезия – 4:0;
29.01. 13:30. Ирак – Иордания – 2:3;
29.01. 18:00. Катар – Палестина – 2:1;
30.01. 18:00. Сауд Аравиясы – Түштүк Корея – 1:1 (пен. 2:4);
30.01. 13:30. Өзбекстан – Таиланд – 2:1;
31.01. 18:00. Иран – Сирия – 1:1 (пен. 5:3);
31.01. 13:30. Бахрейн – Япония – 1:3.
Эми 1/4 финалда төмөнкү 8 команда беттешет:
02.02. 13:30. Тажикстан – Иордания;
02.02. 17:30. Австралия – Түштүк Корея;
03.02. 13:30. Иран – Япония;
03.02. 17:30. Катар – Өзбекстан.
Финалдык оюн 10-февралда Лусаил шаарында 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалын өткөргөн аренада өтөт.