Парламент комитетинин төрагасы Ирандын элчисин кабыл алды

Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту.

19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-иран кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү, соода-экономикалык жана инвестициялык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.

Комитет төрагасы Улан Примов, Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык бүгүнкү күндө өз ара түшүнүү, колдоо жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен мүнөздөлүп жатканын кошумчалады. «Биздин мамилелерибиз достуктун жана өз ара урматтоонун негизинде мындан ары да үзүрлүү улана беришине терең ишенем», – деди Улан Примов.

Комитет төрагасы Кыргызстан менен Иран эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирип: «Буга Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейм», – деди.

Мындан тышкары, комитет төрагасы Шанхай кызматташтык уюумунун (ШКУ) алкагындагы байланыштар тууралуу сөз кылып, жемиштүү кызматташуунун натыйжасында 2021-жылдын 17-сентябрында Душанбе шаарында өткөн самитте Иран Ислам Республикасын ШКУга мүчөлүккө кабыл алуу жол-жобосун баштоо чечими кабыл алынганын, андан кийин 2022-жылдын сентябрында Самарканд шаарында өткөн саммитте ШКУга мүчө мамлекет статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга кол коюлганын маалымдады.

“Тиешелүү меморандумду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору жакынкы аралыкта Жогорку Кеңеште каралат”, – деди Улан Примов.

Өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази кыргыз-иран кызматташтыгын жогору баалай турганын баса белгилеп, Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу байланыштарды активдештирүүгө, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты.

Тагыраагы, элчи эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана түз байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, соода жана инвестиция тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, ШКУнун толук кандуу мүчөсү статусун берүү боюнча чечим 2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында боло турган уюмдун саммитинде кабыл алынуусу күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү