Россия менен Кытай АКШ жана Израилдин Иранга жасаган аскердик соккуларын айыпташты

Россия менен Кытай биргелешкен билдирүү жасап, АКШ менен Израилдин Иранга каршы жасаган аскердик соккуларын айыптап, тараптарды мүмкүн болушунча тез арада сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келүүгө чакырышты.

Бул тууралуу Interfax маалымат агенттиги кабарлады.

“Тараптар АКШ менен Израилдин Иранга каршы жасаган аскердик соккулары эл аралык укукту жана эл аралык мамилелердин негизги нормаларын бузат, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка олуттуу доо кетирет деген пикирде бирдиктүү”, — деп айтылат Пекинде өткөн Россия-Кытай саммитинин жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө.

Документте Россия менен Кытай “жаңжал аймагынын кеңейишине жол бербөө үчүн жаңжалга катышкан тараптардын диалогго жана сүйлөшүүлөргө мүмкүн болушунча тезирээк кайтып келүүсү зарылдыгын” баса белгилеп, эл аралык коомчулукту “объективдүү жана калыс позицияны карманууга, чыңалууну басаңдатууга көмөктөшүүгө жана эл аралык мамилелердин негизги нормаларын биргелешип коргоого” чакырышты.

Путин Кытайга расмий сапар менен 19-майда келген. Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү Пекиндеги Элдик жыйындар залында өттү.