Суданда жаңжал башталгандан бери өлкөдөн 100миңден ашуун адам чыгып кетти

 Суданда жаңжал башталгандан бери 100 миңден ашуун адам коңшу өлкөлөргө чыгып кеткен. Алардын көбү аялдар жана балдар.

Бул тууралуу БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы өкүлү Ольга Саррадо Женевадагы БУУнун брифингинде билдирди.

“Коңшу провинциялардагы жаңжал башталгандан бери 100 миңден ашуун адам Судандан качып кетти. Алардын арасында судандык качкындар да, Түштүк Судандан кайтып келген качкындар да, ошондой эле чет өлкөлүктөр да бар”, – деди ал.

Саррадо 24 миң качкындын өздүгү аныкталганын кошумчалады.«Качкындардын көбү Чадда, негизинен алар аялдар жана балдар», – деди БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлү.Өз кезегинде БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун өкүлү Поль Диллон өлкөдөгү ички жер которгондордун саны 334 миң адамды түзөрүн билдирди. Уюмдун маалыматы боюнча, чек арадан 64 миң адам өткөн.

15-апрелде башталган жаңжалга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генерал  Армиянын командири Абдель Фаттах аль-Бурхан жана Тез аракеттенүүчү күчтөрдүн командири Хамидти деген ат менен белгилүү болгон Мохамед Хамдан Дагалонун бийлик үчүн күрөшү себеп болду. 

Бир канча сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар бир нече жолу ок атышууну токтотууга макул болушкан. Бирок ок атышпоону уюштуруу боюнча буга чейинки аракеттерден майнап чыккан эмес. Каршылашкан күчтөр аскердик ийгиликтер жана объектилерди көзөмөлдөө боюнча карама-каршы билдирүүлөр менен алмашып, массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда масштабдуу маалымат согушун жүргүзүүдө.

Судандын Саламаттыкты сактоо министри билдиргендей, кагылышуулардан каза болгондордун саны 600гө жетти. Ал эми ДССУнун Судандагы өкүлү Нима Саид Абид шейшемби күнү БУУнун Женевадагы жумалык брифингинде 459 адам каза болуп, 4072 киши жаракат алганын айтты. 

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп, Судандагы тараптарды согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууга чакырды. Уюмдун баш катчысынын Судан боюнча атайын өкүлү Волкер Пертес Судандагы жаңжалга катышкан тараптардын эч кимиси сүйлөшүүлөргө азырынча даяр экендигинин так белгилери жок экенин билдирди.

Комментарий жиберүү