Жасалма интеллект көптөгөн кесиптерди алмаштырып, жумушсуздукту жаратат

 Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаров Кыргыз маалыматтык технологиялар форумуна катышты.

МинКаб башчысы өз сөзүндө азыркы учурда жаңы технологиялык тартип өнүгүүнүн эмбрионалдык фазасынан өсүү фазасына өтүп жатканын белгиледи.

“Экономика билимге негизделет, бирок билим анын товардык наркына карата гана каралат. Экономикада илимдин ролу жогорулайт: илимдин өзү негизги инновацияга айланат. Туруктуу өнүгүү концепциясына оңой шайкеш келген чаралар: “инновациялык экономика”, “билимге негизделген экономика”, “интеллектуалдык коом”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, акыркы он жылда маалыматтардын өндүрүмдүүлүгү 5000% га өстү жана бул саясатты жана экономиканы калыптандыруу, ошондой эле өкмөттөр көрсөткөн кызматтар үчүн чоң мааниге ээ.

“Интернетте түзүлгөн контентти эң башынан эле басып чыгаруу үчүн бизге 300 миллиард барак керек, бул тарыхта жазылган бардык китептерди басып чыгаруу үчүн зарыл болгон барактардын санынан төрт эсе көп. Бул маалыматтар кимге таандык болсо, ал дүйнөгө ээлик кылаарын көрсөтүп турат”, — деди МинКаб Төрагасы.

Ал ошондой эле СберУниверситетинин (Россиядагы эң ири финтек компаниясы, мурдагы Сбербанк) кампусуна болгон сапарын белгиледи.

“Айдоочусу жок унаа мага келип, керектүү жерге алып кетти. Кыска 5 мүнөттүк сапарда менин коопсуздугум жасалма интеллекттин колунда болчу. Бул тажрыйба адаттан тыш болду. Кыязы, мурунку жүргүнчүлөр технологиялык кереметтен таасирленсе керек. Бул чындыгында эле керемет, бирок мени жакынкы келечекте Москваны айдоочусуз таксилер каптап калышы мүмкүн, бул биздин көптөгөн мигранттарыбыздын жумушсуз калышына алып келиши мүмкүн болгон кесепеттерге көбүрөөк кабатыр болдум. Бул биз үчүн сөзсүз кыйынчылык!”, – деген Министрлер Кабинетинин башчысы, “жасалма интеллект ар бирибизге биз күтпөгөн жөндөмдөрдү берет”, – деп кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин башчысы массалык маалымат каражаттарына өзгөчө көңүл бурду.

“ММК тармагын карап көрөлү. Мисалы, Британиянын басма сөз ассоциациясы жасалма интеллекттин жардамы менен айына 30 000ге жакын жаңылык жазган. Жакынкы жылдары жаңылыктардын, басылмалардын, макалалардын жана талдоолордун 90% журналисттер жана жазуучулар аркылуу эмес, жасалма интеллект аркылуу даярдалат деп күтүлүүдө”, – деп белгиледи ал.

Сөзүнүн соңунда Акылбек Жапаров “Биз жашап жаткан дүйнө маалымат технологияларынын өнүгүшүнөн улам тез өзгөрүүлөргө дуушар болууда” деп кошумчалады.

“IT секторунун өсүшү өлкө үчүн кызыктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Региондогу эң ири такси кызматы болгон Яндекс бир дагы таксиге ээ эмес экенин эмне менен түшүндүрсө болот? Вайлдбериз, бир дагы дүкөнү жок, бирок аймактагы эң ири сатуучу? Facebook, контент жаратпастан, коомдук пикирди калыптандырууга зор таасирин тийгизет. 2021-жылдын 7-январында америкалык Twitter социалдык тармагы АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын жеке аккаунтун жаап салган! Технологиялык корпорациялар улуу державалардын саясий процесстерине таасир этет. Бул глобалдык тенденция парадигмалардын өзгөрүшүн билдирет жана салттуу дүйнөлүк тартиптин келе жаткан трансформациясына ишарат кылат. Дагы жакшы, менде Твиттер жок!”, – деди МинКаб башчысы.

Ал ошондой эле жасалма интеллект технологиялары менен жашай албаган жана өз ара аракеттене албаган адам сабатсыз болоорун айтты. 

“IT индустриясы мүмкүнчүлүктөргө толгон. Сизде технологиянын жардамы менен жашооңузду, коомуңузду жана дүйнөңүздү өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул мүмкүнчүлүктөрдү колдонуңуз, жаңы билимге ээ болуңуз, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүңүз жана жаңы горизонтторду изилдеңиз. Мага биздин IT-адистерибиздин “Кыргызстанда жаша, бүт дүйнө менен иште” деген урааны абдан жагат. Мен дагы ураанды уланткым келет: “Бүткүл дүйнө менен жарыш!” – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Комментарий жиберүү