Бүгүн Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги онунчу жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Уюмга мүчө болгон — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
ТЕМА БОЮНЧА:
С. Жапаров ТМУ Саммитинде: Түрк мамлекеттер уюму биргелешкен аракеттерибиз менен маанилүү аймактык бирикме болот
С. Жапаров ТМУ Саммитинде: Түрк мамлекеттер уюму биргелешкен аракеттерибиз менен маанилүү аймактык бирикме болот
ТМУнун онунчу саммитинин декларациясы;
Астана актысы;
«Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди сыйлоо жөнүндө чечими;
6-февралды “ТМУнун алкагында табигый кырсыктардын курмандыктарын эскерүү жана тилектештик күнү” деп жарыялоо жөнүндө чечими;
“Түрк дүйнөсүнүн финансы борборлору” жөнүндө чечими;
Түрк кызматташтык уюмдарынын желектерин шайкеш келтирүү жөнүндө чечими
Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) Түрк мамлекеттер уюмундагы байкоочу статусун берүү жөнүндө чечими;
ТМУнун Башкы катчысынын орун басарын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президентин дайындоо жөнүндө чечими;
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин метрология жаатындагы кызматташуу протоколу;
ТМУнун 2023-2027-жылдарга транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы (Жол картасы).