Укук коргоочулар Израиль Газада жана Ливанда фосфор колдонгонун ырасташты

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Израилдин Газа тилкесинде жана Ливан менен болгон атышууларда ак фосфору бар ок-дарыларды колдонгону тастыкталганын жана мындай снаряддар жарылып жаткан видеолор «анык» экенин билдирди.

Бул тууралуу уюмдун кризис боюнча улук кеңешчиси Донателла Ровера Sky News телеканалында билдирди.

«Биз, Amnesty International уюму, Газада да, Ливанда да ак фосфор колдонулганын тастыктадык», — деди Донателла Ровера.

Уюм ак фосфору бар артиллериялык снаряддардын жарылып жаткан видеолор «анык» экенин жана алар Газа тилкесинде жана Ливанда тартылганын билдирди.

Укук коргоочулар Израилдин Ливандагы аткылоосунан жабыркагандарды дарылаган дарыгерлер менен байланышка чыкканын билдирди. Роверанын айтымында, ал жерде ак фосфорду колдонуудан кеминде тогуз адам жабыркаган.

31-октябрда ливандык NNA агенттиги Ливандын түштүгүндөгү эки конуштун чет-жакалары Израилдин аймагынан фосфордук снаряддар менен аткыланганын билдирген.

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму да 13-октябрда Израиль армиясы 10-11-октябрда Ливан менен Газа тилкесин аткылоодо эл аралык конвенцияларда тыюу салынган ак фосфорду колдонгонун маалымдаган. Израиль мындай курал колдонгонун Палестинанын Тышкы иштер министрлиги да билдирген.

Ал эми ДССУ октябрь айынын ортосунда Газа тилкесинде ак фосфорду колдонуудан каза болгондор тууралуу маалыматы жок экенин билдирген.

Ак фосфордун күйүү температурасы 1200-1300 градус. Бул зат кийимди дароо күйгүзүп, катуу күйүк жаратат. Күйүү өтө уулуу түтүндүн чыгышы менен коштолот. Ак фосфорду өчүрүүгө өрт өчүргүчтөрдүн күчү жетпейт, зат же өзү күйүп бүтөт, же кычкылтек жок болсо өзү өчөт. Фосфордук снаряддарга кадимки куралдардын конкреттүү түрлөрүн колдонууга тыюу салуу же чектөө жөнүндө конвенция тарабынан тыюу салынган.

Комментарий жиберүү